Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү Алмазбек Уланов, Евгения Бердникова жана Джолдошбек Джунушев “Светлый путь” коомдук кайрымдуулук фондунда болуп кайтышты.

“Светлый путь” коомдук кайрымдуулук фонду “Кароосуз калган көчө балдары” программасы боюнча 1996-жылы түзүлгөн. Фонд борбор калаанын 8-кичи районунда №180 бала бакчанын имаратында жайгашкан. Имараттын долбоордук сыйымдуулугу 140 бала болгон  4 топко ылайыкталган. Бирок, учурда фонддо 22 бала кармалат. Үч бала 3 жашта, калганы 16-17 жаштагы балдар. Негизинен алар Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорунан келген балдар. Фонддун штатын 24 адам түзөт, анын 6 штаттык бирдиги жергиликтүү бюджеттин эсебинен кармалат.

Комиссия барганда балдар жылытылбаган жайда кармалып жаткандыгы белгилүү болду. Мындан тышкары, “Светлый путь” коомдук кайрымдуулук фонду турмуштук оор абалга кабылган балдарга кызмат көрсөтүү боюнча аккредитация алган эмес, бул мамлекеттин мыйзамдарын одоно бузуу болуп эсептелет. “Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодексинин” 4-главасынын 27-беренесине ылайык ыйгарым укуктуу орган турмуштук оор абалга кабылган балдарга кызмат көрсөтүү жаатында иштеген субъекттерди аккредитациялоодон өткөрүүсү керек. Ошентип, учурда фонд балдарга кызмат көрсөтүүгө укугу жок.