Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Токтомдордун долбоорлору

Бишкек шаарынын мэриясы “Светлый путь” коомдук кайрымдуулук фонду үчүн 2017-2018-жылдарга жеңилдетилген ижараны узартуу жөнүндө тиешелүү токтом долбоорун киргизбегендигин Бишкек шаардык кеңеш расмий түрдө билдирет. Ушуга байланыштуу “Светлый путь” коомдук кайрымдуулук фонду үчүн 2017-2018-жылдарга жеңилдетилген ижара берүү  жөнүндөгү маселе борбор калаа парламентинин сессияларында каралган эмес.

Жеңилдетилген ижара берүү мүмкүндүгү жөнүндөгү маселе Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан жеринен ар тараптуу каралып чыкмакчы. Жыйынтыгы боюнча маалымат берилет.