Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары-Валентина Лисниченко терең ыраазычылык сөздөр борбордун маданият кызматкерлерин куттуктады.

 Бул майрам музейчилерди жана китепканачыларды, искусство таануучуларды жана музыканттарды, киноматографисттерди жана китеп басып чыгаруучуларды, театр жана  маданият үйлөрүнүн кызматкерлерин бириктирет.

“Маданият, салт, тарых – бул мекенчилдик, эрдик жана жакшылык, бардык адеп-ахлактык башталуулар өсүп чыга турган база. Маданият адам баласынын  жана бүткүл муундун аң-сезими түзөт, анын өнүгүүсү балдардын жана жаштардын  билим берүүсүнө жана эстетикалык тарбиялануусуна таасир берет, жаратууга жана чыгармачылык изденүүгө ынандырат. Кыргызстандын маданияты көп кылымдар аралыгында түзүлдү. Уникалдуу салттарды жана көп элдердин жетишкендиктерин өзүнө бириктирүү менен, бүгүн ал көп жалпы улуттук жетишкендик болуп саналат. Маданият кызматкерлеринин аркасы менен миллион эл живопистин, скульптуранын жана киноматографиянын уникалдуу чыгармалары менен  суктануу, жакшы музыка угуу, драмалык жана бий искусствосу менен кубануу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болду” – деп айтты Валентина Лисниченко.

Ошондой эле, ал ачык асман алдында өткөрүлүп жаткан ошол концерттердин шаар үчүн эң чоң мааниси бардыгын белгиледи. Жүздөгөн шаардыктар фольклордук, классикалык жана эстрадалык искусство менен ырахаттана алышты.

Куттуктоо сөзү менен Бишкек шаарынын вице-мэри Айгуль Рыскулова чыгып сүйлөдү.  Ал өз сөзүндө бул жааттагы жетишкендиктерди жана ийгиликтерди белгилеп, маданият чөйрөсүн өнүктүрүүнүн перспективдүү планы менен ой бөлүштү. 2018-жылы  биринчи шаардык филармонияны ачуу пландалып жаткандыгына токтолуп, иштин жаңы формаларын өнүктүрүү жана жайылтуу үчүн өздөрүнүн борбору болоорун айтты.

 Вице-мэр ошондой эле китепкана тутумун жана музей ишин  жакшыртуу планы менен ой бөлүштү.