Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Токтомдордун долбоорлору

Кыргыз Республикасынын  Жергиликтүү жамааттарынын күнүнө карата Бишкек шаардык кеңештин төрагасы - Канатбек Музуралиев бир топ мэриянын, кварталдык, үй комитеттердин, МАБлардын кызматкерлерин куттуктады.

Шаардык кеңештин төрагасы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун түзүлүүсүнүн жана өнүгүүсүнүн негизги этаптарына  токтолду.

“Жергиликтүү бийликтин ийгилиги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин кесипкөйлүгүнө, компетенциясына жана жоопкерчилигине гана байланыштуу болбостон, жарандардын активдүүлүгүнөн, чогуу иштөө ыкмасынан, ар кандай маселелерди, ал тургай татаал маселелерди чечүүгө карата туура мамиле кылуудан да көз каранды”-деп айтты.

Сыйлыктарды тапшыруудан кийин Бишкек шаардык кеңештин төрагасы иш-чаранын бардык катышуучуларына чың ден соолук, бакыт жана иштериндеги ийгиликтерди тилеп, бул алган сыйлыктары акыркы болбостон, башка кийинки сыйлыктардын башталышы болуусун каалады.