Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Токтомдордун долбоорлору

Бүгүн Кыргызстандын борборунда Даир Асанов атындагы сейилбакта Баткен жоокерлерин эскерүү күнүнө арналган митинг болуп өттү.

Салтанаттуу иш-чара аза күтүү минутасы, үч жолку жапырт атуу жана гүл чамгырларды коюуу  салты менен башталды.

Митинге Бишкек шаардык кеңештин депутаты-Адиса Имангазиева, Октябрь районунун башчысы-Ренат Айтимбетов, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн өкүлү, жоокер-интернационалисттер жана коомчулук катышты.

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Адиса Имангазиева: “Баткен окуясы биздин армиянын ар кандай душмандарга чечкиндүү сокку берүү жана өлкөнүн согуштук коопсуздугун камсыздоо мүмкүнчүлүгүн көрсөттү. Мындан ары Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү биздин өлкөнүн эгемендүүлүгүн жана бүтүндүгүн бузууга жол бербейт. Силердин аскердик эрдигиңер жана кайраттуу эркиңер азыркы муунду тарбиялоодо татыктуу үлгү болуп саналат.

         Биз апалардын, жубайлардын жана өздөрүнүн туугандарын жана жакындарын жоготкондор менен  кайгы - муңун тең бөлүшөбүз. Тирүүлөрдүн ыйык милдети – бул согушта курман болгон жолдошторун унутпай эскерүү.          Өлкө өз баатырларын унутпайт.  Алардын ысымдары биз үчүн дайыма ар-намыстын, кайраттуулуктун жана эрдиктин символу болуп кала берет!” – деп белгиледи.

 

Андан кийин митингдин катышуучуларына жана конокторго  аскер кашасы берилди.