Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Токтомдордун долбоорлору

Бишкекте Баткен жоокерлеринин эстелигинин жанында  Баткен окуясына арналган митинг-реквием болуп өттү.

 Иш-чарага Бишкек шаардык кеңештин депутаты Алмазбек Уланов, жоокер-интернационалисттер, каза болгондордун туугандары, ошондой эле республиканын Куралдуу Күчтөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Митингдин катышуучулары каза болгон Баткен жоокерлерин  аза күтүү минутасы менен эскерип, эстеликке гүл чамгырларды коюшту.

Шаардык кеңештин депутаты - Алмазбек Уланов митингде чыгып сүйлөө менен, иш-чаранын катышуучуларына, Ата-Мекенди коргоо – ар бир жарандын ыйык милдети экендигин  эскертти.

Бишкек шаардык кеңештин депутаты: “Биздин өлкөнүн ар бир жараны үчүн Баткен окуясы Кыргызстандык жоокерлердин кайраттуулугунун жана эрдигинин үлгүсү, Ата-Мекенди ишенимдүү коргоонун символу болуп калды.

Бүгүн 18 жыл мурун болгон окуяны эскерүү менен, биз Ата-Мекен алдында эрдик, кайраттуулук, эр жүрөктүүлүк жана чыныгы мекенчилдикти көрсөткөндөргө, аскердик жана жарандык милдетин ар намыстуулук менен аткаргандарга терең сый-урмат көрсөтүп жатабыз. Силер өзүңүздөрдүн тайманбастыкты, туруктуулукту жана жогорку аскердик каармандыкты көрсөттүңөр”- деп айтты.