Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Куттуктоо ишчарасына Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев, Бишкек шаардык кеңештин регламент, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Адиса Имангазиева,  борбор калаанын вице-мэри Айгуль Рыскулова, Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Нурбек Курманбеков жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев куттуктоо сөзүндө “социалдык коргоо кызматкери” кесибинин маанилүүлүгүнө басым жасады.

“Сиздердин иш чоң жоопкерчиликти талап кылат. Ардагерлерге, майыптарга жана турмуштук оор шарттарга кабылган жарандарыбызга социалдык жактан колдоо көрсөтүү ишиңиздерде өзгөчө орунду ээлейт. Сиздердин жылуу мамилеңиздердин аркасы менен алар кыйынчылыктарга туруштук берип, өзүнө болгон ишеними бекемдейт.

Мындай иш адамдык жогорку сапаттарды – кең пейилдүүлүктү, мээримдүүлүктү, чыдамкайлыкты жана тырышчаактыкты талап кылат, бул сапаттар сиздерде бар. Социалдык кызматчы – бул кесип эле эмес, бул жан дүйнөнүн абалы эмеспи, ошондуктан көнүл коштук менен текебердикке мындай жерде жол жок,”- деди Канатбек Музуралиев.

Шаардын социалдык кызматкерлерин борбор калаанын вице-мэри Айгуль Рыскулова да куттуктады. Ал Бишкек шаарынын социалдык коргоо кызматынын жайылган кеңири тармак болуп, ага 14 түзүм кирээрин белгиледи. Жыл сайын социалдык коргоо кызматынын ишинин натыйжалуулугу артып, берилип жаткан төлөмдөр менен көрсөтүлүп жаткан кызматтардын тизмеги кеңейип жаткандыгын, иштин жаңы формалары жана ыкмалары киргизилип жаткандыгын кошумчалады.

Ишинде өзгөчө далалаты менен аракетчилдиги жагынан айырмалаланган социалдык мекемелердин, борборлордун жана үй-интернаттарынын кызматкерлерине Бишкек шаардык кеңештин жана Бишкек шаарынын мэриясынын сыйлыктары тапшырылды.

Ишчара майрамдык концерт менен аяктады.

Маалымкат:

Социалдык коргоо органдарында каттоодо 48,4 миң адамдан турган 18,2 миңден ашык үй-бүлө бар. Шаардык бюджеттен социалдык өнүктүрүү чөйрөсүнүн “Даректүү социалдык жардам” бөлүмүнө каралган каражаттын көлөмү жыл сайын көбөйүүдө. Быйыл бул максаттарга 336,4 млн. сомдон ашуун каражат каралган. Шаар боюнча даректүү социалдык жардамдын жана компенсациялык төлөмдөрдүн 24 түрү менен бардыгы болуп 82 миң муктаж адам колдонот.

Эки үй-интернатынада 246 кары адам жашайт, 84 социалдык кызматчы башка адамдын кароосуна муктаж 746 жалгыз калган ардагер жана майыптарды үйүнөн тейлейт, ай сайын 80 кары адам “Ардагер” геронтологиялык борборунда жатып ден соолугун чыңдайт, туруктуу үй-жайы жок 70 адам  “Коломто” муниципалдык мекемесинде түнөйт жана тамаканат, 225 кароосуз калган бала үч атайын борбордо жана социалдык жатаканада жашайт. Балдарга жардам көрсөтүү борборунун базасында зордук-зомбулуктан жапа чеккен балдарга психологиялык жана юридикалык жардам   берилет, ишеним телефону иштейт.