Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Токтомдордун долбоорлору

Бүгүн Кыргызстандын Улуттук китепканасында 2017-2020-жылдарга Бишкек шаарынын “Жагымдуу шарттардын шаары” социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын презентациясы болуп өттү.

Презентация талкуу форматында өттү.

Презентацияга Бишкек шаардык кеңештин депутаттары, мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрү жана шаар тургундары катышты.

Программанын өзү жакынкы 4 жылга  шаардын өнүгүүсүнүн багыттарын аныктаган комплекстүү стратегиялык документ болуп эсептелет. Программаны иштеп чыгуу калаа тургундарынын сандаган сунуш-тилектерин, күтүүлөрүн жана сын-пикирлерин эске алуу менен жүргүзүлгөн.

Бишкек шаарынын мэри А. Ибраимовдун ою боюнча, Бишкек дүйнөдө өзүнүн татыктуу ордун ээлеп, Борбор Азиядагы ажайып кооз шаарлардын бири болуп калышы керек.

“Шаардын өнүгүүсүнүн ийгилиги бүтүн мамлекетибиз үчүн маанилүү. Программа борбор калааны бардык муундар үчүн өнүккөн инфраструктурасы, уникалдуу социомаданий жашоосу бар заманбап ишкердик борборуна айлантууга багытталган,”-деди мэр.

Презентациянын жүрүшүндө аталган документ жаңы идеяларды, жаңы долбоорлорду жана шаар бийлигинин өнүккөң инфраструктурасы бар ишкердик борбору болгон Бишкек шаарынын мындан аркы туруктуу гүлдөп-өнүгүшүнө көмөк болчу  демилгелерди камтыгандыгы белгиленген.

Ошондой эле программада шаарды түзүүнүн негизги векторлору:инфраструктураны, социалдык-маданий мейкиндикти, заманбап технологияларды жайылтуунун аркасы менен башкаруу чөйрөсүн кайрадан түзүү белгиленген.

Шаарды өнүктүрүү программасы – бардык жаратман жана конструктивдүү жарандардын катмарларынын, демилгелүү топторунун жана муниципалдык институттардын, ошондой эле Бишкек шаарынын туруктуу өнүгүүсү үчүн аракеттенген бардык өнөктөштөрдүн ишин координациялоо. Долбоорду ишке ашыруу боюнча  негизги жоопкерчилик борбор калаанын мэриясына жана муниципалдык кызматтарга жүктөлөт.