Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Токтомдордун долбоорлору

Борбор калаанын мектептеринде 22-сентбрда аяктай турган «Туура тамактануунун жумалыгы» өтүп жатат. Анын ачылышына Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча тууруктуу комиссиясынын төрагасы Гульнара Молдобаева катышты.

“Тамак-аш – иштөө деңгээлин жана окуудагы жетишкендикти жогорулатуучу, ден-соолукту чыңдоочу маанилүү фактор болуп эсептелет. Толук жана балансталган  тамактануу балдарды жана өспүрүмдөрдү оору-сыркоодон алдын алчу профилактика болуп, акыл-эсинин, аң-сезиминин өсүүсүнө шарт түзөт”-деп белгиледи депутат Гульнара Молдобаева.

 

Үстүдөгү жылдын март айында №64 мектеп-гимназиясында шаардын мектептеринде ысык тамак долбоору ишке киргизилген. Анын алкагында жума ичинде башталгыч класстын окуучулары дүйнө ашканасынын тамактарын жейт. Ошондой эле ар күнү мектептерде ошол күнү берилчү тамактын менюсу менен чоң плакат илинип, анда  ал тамактын аты, тарыхы жана адамдын организмине тийгизген пайдалуу таасири туурасында жазылат.

Мугалимдерге улуттук ашканалардын өзгөчөлүктөрү жана тамак-аштардын кыска тырыхый маалымкаты келтирилген усулдук колдонмолор таркатылат.

 

Мындан тышкары күн сайын дене тарбия мүнөттөрүндө зарядка жасалып, балдарга физикалык активдүүлүктүн жана гармониялуу өсүүнүн мааниси түшүндүрүлөт.

 

Ошондой эле окуучулар арасында “Менин эртең мененки туура тамагым” сүрөт конкурус жана “Эртең мененки эң пайдалуу тамак” аттуу кол өнөр конкурсу өткөрүлөт.

 

Сынактардын жыйынтыгы боюнча катышуучулар эстелик белектери менен сыйланмакчы.