Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев борбор калаанын тургундарынан келип түшкөн кайрылуу жана сын пикирлер менен дайым тыгыз иштегендиктен шаардын көрктөндүрүү эрежелерин бузуучулардын иштерине  тез чара көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Бишкек шаардык кеңешке “Асанбай” кичи районунун тургундары күркө ээлеринин эрежелерди бузуп жаткандыгы туурасында даттануу арызы менен кайрылышкан. Негизги көйгөй – тазалыктын сакталбагандыгы жана таштандылардын күркөнүн айланасына толуп кеткендиги.

Жакынкы күндөрү борбор калаа парламентинин башчысы мэриянын кызматтары жана райондук администрациянын өкүлдөрүнүн катышуусу менен “Асанбай” кичи районуна абал менен таашып, маселени чечүү планын түзүү үчүн барды.

Жеринде күркө ээлери тараптан бир катар бузуулар болуп жаткандыгы, жеңилдетилген типтеги объектке берилген жердин ижара келишиминин мөөнөтү аяктагандыгы   такталды. Айрым күркө ээлери мыйзамсыз чатырча орнотуп алгандыгы аныкталды.

Көчмө жыйындын жыйынтыгында БШКнын төрагасы Канатбек Музуралиев мыйзамсыз объектти демотаждоо, Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгына Нуркамал жана Токомбаев көчөлөрүндө орнотулган жеңилдетилген типтеги объекттердин ижара келишимдерин инвентаризациялоо, Октябрь районунун жетекчилигине баш аламан соода боюнча чара көрүү, “Асанбай” кичи районунда жайгашкан кичи базардын жетекчилигине аймакты санитардык тазалоо жана таштандыдан арылтуу  тапшырмасын берди.

Бардык белгиленген иштер үстүбүздөгү жылдын 4-сентябрына чейин бүткөрүлүшү керек.