Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бүгүн, 2017-жылдын 16-августунда Бишкекке төрага Алексей Шапошников баштаган Москва шаардык Думасынын депутаттарынын расмий делегациясы келди.

Делегациянын курамында МШДнын мыйзам чыгаруу, регламент, эрежелер жана процедуралар боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары Татьяна Ломакина, МШДнын илим жана өнөр жай боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары Александр Сметанов бар.

Бул Москва шаардык Думасынын жооп иретиндеги келүүсү. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Бишкек шаардык кеңештин депутаттары Москвада расмий иш-сапарда болуп келген.

Москва шаардык Думасынын делегаттарынын сапарынын программасы беш күнгө эсептелген.

Иш-сапардын жүрүшүндө бир катар расмий жолугушуулар өтмөкчү.