Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Джал” кичирайонундагы № 70, 71, 73, 74, 77 үйлөрүнүн короолорунда көптөн күткөн кубаныч.  Бишкек шаардык кеңештин депутаты-Жаныбек Абиров 2 заманбап балдар аянтчасын орнотту.

Бул короолордо  балдардын эс алуусу үчүн зоналар болгон эмес. Азыр эми ата-энелер балдары менен эс алуу убагын пайдалуу өткөрө алышат.

Бишкек шаардык кеңештин депутаты-Жаныбек Абиров, анын депутаттык ишинин башкы максаты – бул өсүп келе жаткан муун жөнүндө камкордук көрүү, жашоодогу эң маанилүү көйгөйлөрдү чечүү деп санайт.

“Балдар оюн комплекси балдардын физикалык жактан өсүүсү үчүн чоң роль ойнойт. Мектепке чейинки жашта адамда  коомдо инсан болуп калыптануу  жана физикалык өсүү үчүн база боло турган фундамент  калыптанат. Ошону менен бирге, Ж. Абиров теле көрсөтүү  жана коомду жалпы  компьютерлештирүү доорунда балдар көчөдө ойноонун ордуна, көп убактысын телевизордун же компьютердин жанында өткөрүп жатышкандыгын белгиледи.

Оюн конструкциясы  бир топ төмөнкү элементтерди камтыйт: дөбө, ар кандай жаштагы балдар үчүн селкинчектер, кум, отургучтар, турниктер жана эс алуучу чатырлар. Кумда ойноо  колдун кыймылын өстүрүп, сүйлөөгө жана кооз жазууга шарт түзөт. Ар кандай турниктер жана дөбөдө ойоо физикалык жактан өстүрөт. Балдар селкинчектери вестибулярдык аппараттын өсүүсүнө мүмкүндүк берет.

“Балдар аянтчалары – бул оюндар жана оюн-тамашалар үчүн гана орун эмес, ал баланын физикалык, акыл-эс, социалдык жана эстетикалык өнүгүүсү үчүн маанилүү инструмент”- деп депутат тактап айтты.

         Бул оюн аянтчалары ден соолуктун чектелген мүмкүнчүлүгү менен элдер жашаган короолордо орнотулгандыгын белгилей кетүү керек.

         Депутаттын командасы  короолорду иретке кетиришти: аймакты тазалашты, таштандыларды чыгарышты жана балдар аянтчаларын орнотушту. Мындан тышкары, БШКнын депутаты балдарга балмуздак таркатты

         “Джал” кичирайонунун тургундары ыраазычылык билдирүү катары шаардык кеңештин депутатына анын шайлоочулардын көйгөйлөрүнө астей мамилесин жана короону көрктөндүрүү боюнча көмөк көрсөткөндүгүн белгилеген Ыраазычылык кат тапшырышты.

         Мындан тышкары, Жаныбек Абиров мындай аянтчалар борбордун башка короолорунда да пайда болоорун убада кылат.