Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Токтомдордун долбоорлору

Пекин шаарына Бишкек шаардык кеңештин делегациясынын расмий визити  1956-жылы негизделген «Beijng Sanyuan Foods Co» ишканасына  баруу менен башталды. Бул компания  сүт азыктарын өндүрүү боюнча КЭРдин үч ири ишканасына кирет. 

«Beijng Sanyuan Foods Co» ишканасы 100дөн ашык сүт азыктарын түрүн өндүрөт жана ички Монголияда жана Кытайдын көптөгөн шаарларында филиалдары бар.

 Шаардык кеңештин депутаттары азыркы убакта эң таасирлүү системалык интегратору, технологиянын жөнөтүүчүсү,  уюлдук тармактын жана Кытайдын теле көрсөтүү индустриясындагы контентинин оператору болуп саналган StarTimes тобуна барышты. Бул топ 1988-жылы негизделген жана Африканын 30дан ашык өлкөлөсүндө филиалдары бар.

Поднебеснойдо борбордун шаар курулуш планы менен таанышуу  бир топ кызыгууларды пайда кылды. Шаарды планддонун көргөзмө залында Пекин шаарынын эң чоң жана эң так макети турат. Анда Пекин шаары башка дүйнөлүк борборлордон айырмаланып айланпа эмес, төрт бурчтуу өсүп жаткандыгын жакшы көрүнүп турат.

Көргөзмө залдын башкы кызыктыраарлык нерсеси – бул аянты 302 чарчы метр шаардын кичирейтилген көчүрмөсү.

Мындан тышкары, борбордо эски Пекиндин чиймеси жана планы, 2020-жылга чейин борбордун өнүгүүсүнүн башкы планы сакталат. Өзүнчө дубал 2008-жылдагы Олимпиадалык оюндарга карата курулган объекттерге арналган.

Көргөзмө залга баруунун жүрүшүндө шаардык кеңештин депутаттарын жол тармактар жана транспорт системасын уюштуруу маселелери кызыктырды.

Делегациянын курамына төмөнкү депутаттар киришти: Алмазбек Кененбаев, Асылбек Кадралиев, Улан Абдыкадыров, Асель Куламбаева, Жаныбек Абиров, Тимур Тюбеев, Эмил Сыдыков и Бактыбек Абдиев.