Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Токтомдордун долбоорлору

         Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Валентина Лисниченко «Бишкек шаарынын аймагында  тиричилик таштандыларды иштетүүнүн  милдеттүү эрежелери” долбоорун талкуулоого катышты.

         Бул эрежелер “Бишкек шаарында катуу таштандыларды тескөө системасын жакшыртуу” долбоорунун алкагында иштелип чыкты.

         Документтин автору профессор Янис Пролс Бишкек шаарындагы азыркы Көрктөндүрүү эрежелери  “Таштандыларды чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча уюмдар” бөлүгүндө борбордо КТТны чогултуу, транспортировкалоо жана көмүү менен байланышкан маселелерди толук көлөмдө камтыбайт деп эсептейт.

         Бул иш-чаранын катышуучулары КТТны иштетүү Эрежелерин сапаттуу түзүү боюнча ишти улантуу чечимин кабыл алышты.