Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Токтомдордун долбоорлору

Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын расмий делегациясы Кытай Эл Республикасына келип түштү.

         Делегацияны Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев жетектейт. Делегациянын курамына төмөнкү депутаттар киришти: Алмазбек Кененбаев, Асылбек Кадралиев, Улан Абдыкадыров, Асель Куламбаева, Жаныбек Абиров, Тимур Тюбеев, Эмил Сыдыков жана Бактыбек Абдиев.

         Визиттин программасына ылайык Бишкек шаардык кеңештин депутаттары Пекин шаарында  бир катар ишканаларды кыдырып, алардын иши менен таанышат,  2004-жылы ачылган шаардык пландоонун көргөзмө залын көрүшөт. Бул залда байыркы мезгилден тартып ушул мезгилге чейинки Пекин шаарынын пландоосунун өзгөчөлүктөрүн демонстрациялоочу уникалдуу мультимедиялык макеттер коюлган.  Визиттин жүрүшүндө шаардык кеңештин депутаттары Кытай Эл Республикасынын борборунун шаар курулуш планы жана транспорт системасын уюштуруу менен таанышышат.

         Мындан тышкары, Поднебеснойдо Пекин шаарынын Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык чогулушунун төрагасы менен жолугушуу пландалды.