Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бүгүн 2017-жылдын 7-июлунда Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев Сеул шаарынын шаардык кеңешинин төрагасы Ян Джун Ук башында турган кореялык делегация менен жолугушту.

         Корея делегациясынын курамына транспорт боюнча комитеттин төрагасы – Со Ён Джин мырза, экономиканы пландоо боюнча комитеттин мүчөсү –Ю Ён мырза , экология жана суу ресурстары боюнча комитеттин мүчөсү – Ким Кван Су мырза, маданият, спорт жана туризм боюнча комитеттин мүчөсү – Мун Сан Мо мырза, коопсуз шаар курулуш боюнча комитеттин мүчөсү – Ли Хён Чан мырза, транспорт боюнча комитеттин мүчөсү –Пак Джин Хён  мырза жана спикердин аппарат жетекчиси –Чай Дэ Хван мырза киришти.

Бишкек шаардык кеңештен Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Валентина Лисниченко, “КСДП” фракциясынын лидери – А. М. Кененбаев, “Республика0Ата Журт” фракциясынын лидери – Асылбек Кадралиев, “Мекеним Кыргызстан” фракциясынын лидери – У. Абдыкадыров, Бишкек шаардык кеңештин регламент, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Адиса Имангазиева, Бишкек шаардык кеңештин турак жай коммуналдык чарба жана отун энергетикалык комплекси боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Жумабек Салымбеков жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы- Гульнара Молдобаева, ЖӨАБ жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы – Алымбек Бактыбеков, ошондой эле Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Эрнис Зарлыков катышты.

         Конокторго  жылуу жана достук кабыл алуу көрсөтүлдү. Бишкек шаардык кеңештин төрагасы шаардык парламенттин түзүмү жана иши жөнүндө  маалымат берди.

         Жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев азыркы убакта эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү үчүн бекем база бардыгын белгиледи. 2016-жылы Бишкек шаардык кеңештин жана Сеул шаарынын шаардык кеңешинин ортосундагы кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумга, ошондой эле Бишкек шаардык кеңештин жана Бишкек жана Поханг шаарларынын ортосундагы кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча коомдук ассоциациянын ортосундагы  кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

         Канатбек Музуралиев  бул жолугушуу эки борбордун өкүлчүлүк органдарынын ортосундагы ар кандай иш чөйрөлөрдө тажрыйба алмашуунун негизинде өз ара мамилелерди активдештирүүнүн трамплини болорун, ошондой эле мурда кол коюлган келишимдердин алкагында кызматташууну өнүктүрүүгө түрткү берээрин белгиледи.

          Тараптар эки шаардын өкүлчүлүк органдарынын ортосундагы өлкөлөр арасында ийгиликтүү кызматташууну тереңдетүүгө түрткү бере турган ишенимде, айкындуулукта жана өз ара сыйлоодо негизделген диалог түзүлгөндүгүн белгилешти.

         Бишкек шаардык кеңештин фракция лидерлери корея делегациясынын  бул визитинин маанилүүлүгүн айтып, бул жолугушуу эки тараптуу мамилелердин бекем фундаментин түзөөрүн жана келечекте абдан бекем парламенттик мамилелердин жана иш байланыштардын болуусуна түрткү берээрин белгилешти.

         Жолугушуунун аягында Ян Джун Ук мырза корея делегациясынын атынан Бишкек шаардык кеңештин жетекчилигин кабыл алууну уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.