Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Документ маданият, билим берүү, спорт жана жаштар жаатындагы  соода-экономикалык, илимий-техникалык багыттардагы эки тараптуу пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүнү болжолдойт.

Документке Уфа  шаары  шаардык аймагы  администрациясынын башчысы Ирек Ишмухаметович Ялалов жана Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Байсарыевич Музуралиев кол коюшту.

Протокол эки шаардын ортосунда маалымат алмашуу багытында кызматташтыкка негиз түзүп, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жана ишканалар арасында түз жана эки жакка бирдей пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүп, бир туугандык мамилени чыңдамакчы.

“Сиздерди абдан күткөн элек. Биз “чыгыш” багытындагы, анын ичинде жакынкы чет өлкөлүк кызматташтыгыбызды кеңейтүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Биз үчүн көз карандысыз мамлекеттин өкүлдөрүнүн келиши сыймыктуу. Түрк элдеринин салттуу меймандостугуна ылайык, Уфа дагы дайым меймандарды кучак жайып тосуп алат”-деди Ирек Ялалов.

Ага жооп кылып Канатбек Музуралиев төмөнкүлөргө токтолду: “Биз бир тууган эл экенибизге иш сапардын жүрүшүндө дагы бир ирет ынандык. Уфада биз өз үйүбүздө жүргөндөй болуп жатабыз. Биз сиздердин шаардык ишканалардын иши менен чоң кызыгуу менен таанышып, алардын тажрыйбасы биз үчүн абдан пайдалуу экендигин түшүндүк.”

Кол коюлган Протокол шаарлар аралык мамилелерде жаңы баракча ачып, алгылыктуу кызматташууга негиз түзүп, мамилелер жаңы деңгээлге чыгаарына Тараптардын ишеними бекем.

Бишкек шаардык кеңештин делегациясынын курамына Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев, турак жай-коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Жумабек Салымбеков жана депутаттар Мийзамидин Калыков, Базарбек Абдраев жана Сайдахмат Исмаилов киришти.