Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Токтомдордун долбоорлору

Бишкек шаардык кеңештин Уфа шаарында иш сапар менен жүргөн делегациясы башкыр улуттук баатыры Салават Юлаевдин эстелигине гүл коюу салтанатына катышты.

Бишкек шаардык кеңештин делегациясынын Уфа шаарына болгон жумушчу сапары Россия Күнүнө, Уфа шаарынын 443 жылдыгына жана башкыр улуттук баатыры Салават Юлаевдин 263 жылдыгына туш келди.

Салтанатта чыгып сөз сүйлөп жатып борбордук муниципалитеттин башчысы Ирек Ялалов ар жылы ушул үч майрам бир майрамдай майрамдалып жаткандыгын, майрамдык салтанаттар баатыр Салават Юлаевдин эстелигинин жанынан башталарын, бул көп улуттуу Башкортостан республикасынын элинин символу экендигин белгилеп өттү. Ошону менен бирге бардыгына бакыт, ден-соолук жана ийгиликтерди каалады.

Чогулгандарды Бишкек шаардык кеңештин атынан төрага Канатбек Музуралиев куттуктады. Ошол эле учурда биздин борбор шаарларыбыздын ортосундагы кызматташтыктын тез өнүгүүсүнө ортодогу аралык тоскоол болбостугун белгилеп, келечек пландарга чоң үмүтү бар экендигин билдирди