Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

 “Республика-Ата Журт” саясый партиясынын Бишкек шаардык кеңештеги фракциясынын депутаты Гульнара Молдобаева Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акиминин Кубогу үчүн уюштурулган мини-футбол боюнча турнирге катышты.

Акция балдарды коргоонун эл аралык күнүнүн алкагында өткөрүлүүдө. Футбол боюнча турнир борбордун Кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборунда уюштурулган.

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Гульнара Молдобаева мелдештин катышуучуларына кайрылып: “спорттун ар бир түрү, өзгөчө өспүрүмдөрдүн организмин күчтүү жана чың кылат, андан тышкары маанайды да жакшыртат. Ал эми футбол, дүйнөдөгү сүйүктүү жана популярдуу оюн катары, биримдикке, ынтымакка негиз болуп, командалык духту тарбиялайт”-деп белгилеп өттү.

Борбордун эң кичинекей тарбиялануучуларына белек катары оюнчуктар тапшырылды.

Майрам концерт менен аяктады.