Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Токтомдордун долбоорлору

“Сейтек” жаштар жана балдар республикалык борборунда Эне күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Борбор калаанын энелерин Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев жана депутат Бактыбек Абдиев куттукташты.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев: “Эне – ар бирибиз үчүн эң ыйык адам. Эне бизге жашоо берген, канатына калкалап, тарбия берип адам кылган. Эне баласына өмүрү өткүчө ордуна эч нерсе талап кылбай өзүн толугу менен арнап келет.

Энебиз барында канча жашка чыксак да, биз бала бойдон калабыз, андыктан биздин бактыбызга бар болуңуздар! Биз сиздердин ак сүтүңүздөрдү өмүр бою актаганга даярбыз!”-деп белгилеп, энелерге бекем ден-соолук жана балдарынын мээримине бөлөнгөн бактылуу карылык каалады.

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Бактыбек Абдиев куттуктоо сөзүндө апаларга ыраазычылык билдирип, бекем ден-соолук каалады.

Балдар чыгармачыл топтору тарабынан даярдалган “Апама белек” аттуу концерттик программа залга чогулган энелер үчүн чоң белек болду. Балдар  ырдап, бийлеп, сахнадан апаларга кубаныч жана жакшы маанай тартуулашты. Концерттик программанын эң таасирдүү учуру катары залдын катуу кол чабуусун жараткан эң кичинекей балдардын номери болду.

Иш-чаранын соңунда майрамдын 500 катышуучусуна материалдык сыйлык тапшырылды.