Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Комиссиянын мүчөлөрү “Жашылкурулуш” жана “Бишкексвет” МИлеринин жетекчилеринин былтыркы жылдагы иши жана 2017-жылга планы жөнүндөгү маалыматын угушту.

         Депутат Эмиль Шукуров мекеме күнүмдүк иштерди эле аткарбастан, “Жашылкурулуш” МИсин перспективдүү өнүктүрүү максатында анализ жана мониторинг жүргүзүүсү зарылдыгын белгиледи.

         Отурумдун жыйынтыгында “Жашылкурулуш” жана “Бишкексвет” МИлеринин 2016-жыл боюнча отчеттору депутаттар тарабынан айтылган сын пикир жана сунуштарды эске алуу менен угулду деп табылды.

        Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 19-ноябрындагы  №50 "Ачык сынактын негизинде Бишкек шаарынын каттамдарын бөлүштүрүү жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө  маселелеси жана Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу Эрежелери кызуу талкууну жаратты

         Борбордун мэриясы Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу чөйрөсүн жөнгө салуучу токтом долбоорун жаңы редакцияда киргизди.

         Бишкек шаарынын мэриясына туруктуу комиссиянын токтом долбооруна сын пикирлери жана сунуштарын эске алуу менен өзгөртүүлөрдүн негиздемесин даярдап, келерки отурумга маалымат берүү тапшырылды.