Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Таза шаар

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун демилгеси менен “Жал” кичирайонунун территориясында короо-жайларды, подъезддерди, балдар аянтчаларын көрктөндүрүү, катуу таштандадылардан тазалоо, ирригациялык тутумдарды тазалоо  иштери жүргүзүлүүдө.

Бул иштер үстүбүздөгү жылдын 15-апрелинде башталган. Ошол аралыкта иштер 14 көп кабаттуу үйдүн айланасында жүргүзүлдү. Ишембиликтин негизи болуп короолорду көрктөндүрүү  боду. 

Ишембиликтин жүрүшүндө балдар аянтчалары оңдолуп-түзөлдү, подъезддер, бордюрлар акталып-сырдалды, бактар буталып, акталды, кум толтурулган балдар аянтчасынын куму жаңыртылды. Жакынкы мезгилде көчөттөрдү отургузуу пландалууда.

Ишембиликтер жумасына эки жолудан өткөрүлүп, “Жал” кичирайонунун короолору толук тазаланып бүткөндө аяктамакчы.

Ишембиликтин демилгечиси болгон Жаныбек Абировдун ою боюнча, мындай иш-чараларды өткөрүү менен шаардыктардын тазалыкты сактоо жаатында өздөрүнө жана башкаларга карата талабы жана жоопкерчилиги жогорулайт.