Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бүгүн, 2017-жылдын 7-февралында Бишкек архитектура жана курулуштагы менеджмент колледжинде 1942-жылы Одессадан Фрунзеге көчүрүлүп  келинген авиациялык мектептин биринчи бүтүрүүчүлөрүнүн даярдалып чыккандыгынын 75 жылдыгына карата орнотулган мемориалдык тактанын ачылыш аземи болуп өттү.

Ишчарага Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Мүзүралиев, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Крутько, башка расмий адамдар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, студенттер жана окуучулар катышты.
Өз сөзүндө баш кала парламентинин спикери төмөнкүдөй токтолду:
 «Бүгүн биз бул мемориалдык тактаны орнотуу менен, аскер учкучтар мектебинин бүтрүүчүлөрүн гана эскербестен, жеңиш күнүн жакындатууга салымын кошкон ар бир жоокерге, орукта эмгектенген  ар бир жаранга таазим кылып жатабыз. Алар каармандыгы менен, оор эмгеги менен жеңишти алып келишкен.
Ал эми бүгүн биз кеп кылып жаткан аскер учкучтарын даярдаган мекетептин 67 бүтүрүүчүсүнүн арасында Советтер Союзунун келечектеги 5 Баатыры болгону дагы көп нерседен кабар берет.
 Биз, азыркы муундун өкүлдөрү өз тарыхыбызды билип, баатырларыбыздын эрдиги менен сыймыктанып, согуш жөнүндөгү чындыкты коргоп, аны муундан-муунга өткөрүүбүз милдет»-деди төрага.