Бишкек шаардык кеңештин депутаттары үстүбүздөгү жылга борбордун башкы финансылык документин талкуулоо процессине активдүү катышышты.

Кенен маалымат...

Бишкекте Мекен сакчыларынын күнүн утурлай Улуу Ата Мекендик  согуштун ардагерлерин куттуктоо болуп өттү.

Ишчарага согуштун 22 ардагери жана жоокер-интернационалисттер чакырылган. Аларды Бишкек шаардык кеңештин спикери Алмаз Кененбаев жана вице-мэр Айгүл Рыскулова куттукташты.

Бишкек шаардык парламентинин башчысы ардагерлерге кайрылып, алардын бүгүнкү күндө өсүп келе жаткан муунга мекенчилдик тарбия берүү жаатындагы ролунун маанисин белгилеп өттү.

“23-февраль жалпы элдик майрам эле болбостон, бүгүн биз Советтик Армиянын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилеп жатабыз!

Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин кандай баа менен келгенин дайым биздин эсибизде, андыктан, ойго келбеген оор сыноолорго туруштук берген улуу жеңүүчүлөрдүн муунуна башыбызды ийип, ыраазычылык айткандан чарчабайбыз!

Сиздер Мекенге болгон сүйүүнүн күчүн, эрдик жана туруктуулук эмне экендигин далилдеп, келечек муунга элдин биримдигин көрсөткөн тарыхый сабак калтырдыңар. Жаштар сиздерден үлгү алып, эл-жерге болгон берилгендикке үйрөнөт,”-деди Алмаз Кененбаев.

Бишкек шаарына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн жана 95-жылдык мааракесинин урматына Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Урманбетовго спикер Даректүү кат тапшырды.

Вице-мэр Айгүл Рыскулова Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктап, аларга бекем ден соолук каалады.

“Жеңиштин улуу туусун алып жүрүүчү сиздердин бар экендигиңиздерге биз чын дилибизден кубанабыз,”-деди ал.

Ишчара майрамдык дасторкон жана аскердик 100 грамм менен аяктады.

Мындан тышкары ардагерлерине шаардык бюджеттен 1000 сом өлчөмүндөгү бир жолку жардам көрсөтүлмөкчү.

Бүгүн Кыргыз Республиканын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлигинин башкармалыгынын жыйыны болуп өттү, ага Республиканын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлигинин башкармалыгынын мүчөсү катары Бишкек шаардык кеңештин спикери Алмаз Кененбаев, ЖӨАБИЭАММАнын директорунун орун басары Мурат Байдылдаев жана өлкөнүн муниципалитеттеринин өкүлдөрү катышты.

Кенен маалымат...

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн генералдары: Мырзакан Субанов, Абдыгул Чотбаев, Асанбек Алымкожоев, Мэлс Бекбоев, Жоомарт Бошкоев, Алик Мамыркулов, Тавылды Молдобаев, Малик Джумагулов, Анарбек Кошонов, Абибилла Кудайбердиев, Асылбек Ормокеев, Таалай Омуралиев, Кубанычбай Тыналиев, Закир Тиленов жана Токон уулу Токтобек чакырылган.

Кенен маалымат...

Чыгыш календары боюнча Жаңы жылды майрамдоого арналган  эл достугунун фестивалы борбордун №2 орто мектебинде өттү. Бул ишчара адатка айланып калды.

Кенен маалымат...

Бүгүн Бишкекте Кыргыз Республикасынын финансы полициясынын уюшулгандыгынын 25 жылдыгына арналган майрамдык ишчара өткөрүлдү.

Кенен маалымат...

 

Бүгүн, 15-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Джумабеков Бишкек шаардык кеңештин депутаттары менен жолугушту.

Кенен маалымат...

Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин регламент, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү Бишкек шаарында 2017-жылы калкты жана аймакты коргоо боюнча аткарылган ишчаралар жана 2018-жылга коюлган маселелер жөнүндө маалыматты угушту.

Кенен маалымат...

Үстүдөгү жылдын 7-, 8-февралында Бишкекте коомдук бюджеттик угуулар өтөт.

Кенен маалымат...

Эртең, 6-февралда Бишкек шаардык кеңешин кезектеги XIII сессиясы өткөрүлөт.

Кенен маалымат...

Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевди эскерүү кечеси болуп өттү.

Кенен маалымат...

Бишкекте  СССРдин баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган аялдар жана эркектер арасында бокс боюнча 41-эл аралык турнир яктады. 

Кенен маалымат...

Бишкек шаарынын бюджеттик пландоосу талкууга алынган тегерек столду өткөрүү 2018-жылга борбор калаанын бюджетин кабыл алуу, бюджеттик угууларды уюштуруу алдындагы маанилүү окуя болду.

Кенен маалымат...

Бишкекте СССРдин баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган аялдар жана эркектер арасында бокс боюнча эл аралык турнир старт алды. Бул 41-турнир болуп саналат.

Кенен маалымат...

Бүгүн Кыргызстандын борбор калаасында СССРдин баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган аялдар жана эркектер арасында бокс боюнча эл аралык турнир старт алды.

Кенен маалымат...