Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Төрага Куванычбек Конгантиев жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Корея Республикасынын Пусан шаарынын шаардык чогулушунун төрагасы Ахн Сонгмин мырза жана Пусан шаарынын шаардык чогулушунун депутаты Пак Хи Йонг менен жана Пусандан келген Евразиялык экспедициянын мүчөлөрү менен жолугушту.

Жыйын Баткен облусунда болуп өткөн соңку кайгылуу окуяларга байланыштуу бир мүнөт унчукпай туруу менен башталды.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу, анын ичинде туризмди жана маданиятты өнүктүрүү маселелери талкууланып, эки тарап кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.
Бул маселелердин алкагында Куванычбек Конгантиев кызматташуу боюнча меморандумга кол коюу маселесин кароону сунуштады. Ошондой эле Бишкек шаарын өнүктүрүүгө инвестиция салууну каалаган бизнес өкүлдөрү менен муниципалитет кызматташууга даяр экенин белгиледи.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан укуктук ченемдик актыларды даярдоо ишинин тажрыйбасын жана фракциялардын ишин изилдөө боюнча маселени кароо сунушташты.
Корея делегациясы Кыргызстанга кайтып келүүгө жана мындан аркы кызматташтыкты талкуулоого даяр экендигин билдирди.