Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

         Бишкек шаарынын аймагында токтотмо мейкиндиктерин өнүктүрүү жана уюштуруу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле токтотмолорду пайдалануунун тиртибин жана шарттарын белгилөө максатында,  Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Бишкек шаарынын аймагында акы төлөнүүчү токтотмолорду жана унаа туруктарды уюштуруу тартиби жана шарттары жөнүндө» бекитилсин (1-тиркеме).

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыккан башка чараларды кабыл алсын.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 28-майындагы №74 «Бишкек шаарынын аймагында автотранспортту токтотуу үчүн жыйымдардын коюмун бекитүү жөнүндө» токтому;

- Бишкек шаардык кеңештин 2016-жылдын 30-июнундагы № 197 «Бишкек шаарынын аймагында жыйымдарды, токтотмолорду  жана унаа туруктарды башкаруу тартиби жөнүндө» токтому.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

         5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (Абдраев Б.К.), Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри (Бакетаев А.К.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б.О. Дюшембиевге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы

Приложения (docx, 43 Кб)