Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

2020-жылдын “02” октябрь

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШТИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Бишкек шаардык кеңештин 2020-жылдын 14-январындагы № 125 "2020-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пунктундагы «10 057 526,9», «5 179 739,3», «1 290 096,4», «1 277 187,5», «1 100 277,8», «1 210 225,9» деген цифралар тийиштүү «9 552 498,9», «4 981 023,5», «1 214 568,7», «1 181 039,9», «1 050 526,9», «1 125 339,9» деген цифралар менен алмаштырылсын;

2) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1, 1-1, 1-2, 1-3-тиркемелери ушул токтомдун 1, 1-1, 1-2, 1-3-тиркемелерине ылайык редакцияга берилсин;

3) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2 жана 2-1-тиркемелери ушул токтомдун 2 жана 2-1-тиркемелерине ылайык редакцияга берилсин;

2. Бюджеттик каражаттар боюнча чыгашалардын негизги топтору, кичи топтору боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөр ушул токтомдун 3 жана 4-тиркемелерине ылайык бекитилсин.

3. 2019-жылдагы чыгашалардан ашкан кирешелердин эсебинен  81 495,7 миң сом суммасындагы чыгашаны ушул токтомдун 5-тиркемесине ылайык багыттоого уруксат берилсин.

4. Ушул токтом каттоодон  өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жɵнɵтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын тɵрагасына  жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине  жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                            Ж. Б. Абиров

Тиркемелер:

- тиркемелер (xlxs. 557 Кб)

- маалымкат-негиздеме (doc. Кб)

- юридикалык корутунду (doc. Кб)

 

Аткаруучу:

КР ФМ Бишкек башкармалыгы

У.М Аманбаев_______________

тел: 61 25 33