Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы 

2020-жылдын «06» майы 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-беренесине,  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 44-беренесине  ылайык  Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет атайын каражаттарды, расмий трансферттерди,  активдерди жана милдеттемелерди эске алуу менен кирешелер боюнча 8 914 116,4 миң сом суммасында, чыгашалар боюнча 8 720 472,9 миң сом суммасында,  чыгашалардан ашкан кирешелер боюнча 193 643,5 миң сом  суммасында бекитилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине жана Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы                                    Ж.Б. Абиров

Тиркемелер:

- маалымкат-негиздеме (doc. 16Кб)

-юридикалык корутунду (doc. 12Кб)