Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

2020-ж. 25-март

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШТИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 58-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 12-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеӊештин 2020-жылдын 19-февралындагы № 154 «Муниципалдык турак-жай фондунун объекттерин менчиктештирүү өзгөчө учурларда акысыз негизде жүзөгө ашырыла турган жактардын категорияларын бекитүү жөнүндө» токтомун эске алып, аялдардын эркин күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Болотбековна Тыныбекованын Кыргыз Республикасынын спортун өнүктүрүүдөгү жогорку деӊгээлдеги эмгегин эске алып, Бишкек шаардык кеӊеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.   Бишкек шаары, Москва көчөсү № 191 үй, №145 батир дарегинде жайгашкан идентификациялык коду 1-01-13-0013-0628-01-145 муниципалдык турак жай акысыз негизде менчиктештирүү жолу менен Айсулуу Болотбековна Тыныбекованын менчигине өткөрүп берилсин.

2.   Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн муниципалдык турак жайды белгиленген тартипте акысыз негизде менчикке өткөрүп берүү келишимин түзсүн.

3.   Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеӊештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын муниципалдык менчик жана транспорт маселелерин жетектеген вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы                    Ж. Б. Абиров

Тиркеме:

- маалымкат негиздеме (doc. 16Кб)

- юридикалык корутунду (doc. 13Кб)