Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

2019-жылдын «___»_______

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕНЕШТИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 55-, 112-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 67-, 68-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-, 44-беренелерине ылайык, Бишкек шаарынын аймагында автотранспортту коюу жана токтотуу үчүн жыйым чөйрөсүндөгү тартипти жакшыртуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаарынын муниципалдык аймагында автотранспортту коюу жана токтотуу үчүн жыйымды эсептөө жана төлөө тартиби  жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Бишкек шаарынын мэриясы:

- өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу тийиштүү чараларды көрсүн;

- автотранспортту коюу жана токтотуу үчүн жыйымдар боюнча, ошондой эле шаардык акы төлөнүүчү токтотмолордун жана унаа туруктардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү боюнча салыктык эмес кирешелердин администратору катары түзүмдүк бөлүмдү аныктасын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Төмөнкү токтомдор күчүн жоготту деп табылсын:

- Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 28-майындагы №74 “Бишкек шаарынын аймагында автотранспортту токтоткондугу үчүн алынуучу жыйымдар ченин бекитүү жөнүндө;

- Бишкек шаардык кеңештин 2010-жылдын 3-декабрындагы №206  “Бишкек шаарынын муниципалдык автотоктотмолорунда автотранспортту токтотуп коюу үчүн жыйымдын ченин бекитүү жөнүндө;

- Бишкек шаардык кеңештин 2016-жылдын 30-июнундагы  №197 “Бишкек шаарында жыйымдарды, токтотмолорду жана унаа туруктарды башкаруу тартиби жөнүндө.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Н. А. Кулматова), Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри  А. К. Бакетаевге жана Бишкек шаарынын вице-мэри А. Э. Алымкуловго жүктөлсүн. 

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы                Ж. Б. Абиров

Тиркемелер:

- Жалпы жоболор (doc. 30Кб)

- Маалымкат-негиздеме (doc. 30Кб)

- Юридикалык корутунду (doc.17Кб)