Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

   Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесине ылайык, муниципалдык көрүстөндөрдүн иштешин камсыздоо жана тургундарга аза кызматтарын көрсөтүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарында көрүстөндөрдү күтүү эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

- ушул токтомдон келип чыккан чараларды кабыл алсын;

- ушул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникация жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.М. Салымбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Р.А.Сарпашовго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы            Ж.Б. Абиров

Тиркемелер:

- Маалымкат-негиздеме (doc.15Кб)

-Бишкек шаарында көрүстөндөрдү күтүү эрежелери (doc. 34Кб)

- Юридикалык корутунду (doc. 13Кб)