Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун 2019-жылдын 21-февралындагы №09-831 кайрылуусунун эске алып, Бишкек шаарынын аймагындагы жалпы пайдаланылуучу жерлерди натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу максатында Бишкек шаардык кеңеш токтом кылат:

  1. Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү дарегинде жайгашкан номери жок, жалпы аянты 600,0 чарчы метр, идентификациялык коду 1-04-17-0015-0337 жер участогун муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
  2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун мындан ары максаттуу дайындалышы боюнча пайдаланылышын белгиленген тартипте камсыз кылсын.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (Б.К. Абдраев) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А.Э. Алымкуловго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы                Ж. Б. Абиров

Тиркемелер:

- Маалымкат негиздеме жана юридикалык корутунду (doc. 17Кб)