Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

2019-жылдын “___” _________

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

         Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, үй ичиндеги cуу түтүк жана канализациялык тармактарынын профилактикалык, күндөлүк жана авариялык оңдоолорунун  өз убагында жана сапаттуу техникалык тейлөөсүн камсыз кылуу жана колдонулуп жаткан тарифтерди накта чыгымдарга дал келтирүү, ушуну менен бирге финансылык милдеттенмелерди аткаруу максатында,  Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ  КЫЛАТ :

1. 2019-жылдын 1-октябрынан баштап Бишкек шаарындагы көп батирлүү турак үйлөрдүн үй ичиндеги жалпы колдонуучу cуу түтүк-канализациялык тармактарынын техникалык тейлөөсүнө тарифтер тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 29-июнундагы  №147  “Бишкек шаарындагы көп батирлүү турак жай үйлөрдүн үй ичиндеги cуу түтүк-канализациялык тармактарынын техникалык тейлөөсүнө тарифтерди бекитүү жөнүндө” токтому өз күчүн жоготту деп табылсын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына (Салымбеков Ж.М.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Р.А.Сарпашовго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы                 Ж.Б. Абиров

Тиркемелер:

1. 1-тиркеме, тарифтер (doc. 13Кб)

2. Маалымкат-негиздеме (doc. 48Кб)

3. Салыштырмалуу-анализ (doc. 38Кб)

2019-жыл 04-июль