Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

                                                                              2019-жылдын “___” _________

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

         Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүүнүн (канализациянын) шаардык системасын иштешин, соркыскыч-энергетикалык жабдыктардын модернизациясын, суу түтүк-канализациялык тармактардын реконструкциясын, Бишкек шаарынын керектөөчүлөрүнө сапаттуу ичүүчү сууну үзгүлтүксүз берүүнү, агынды сууларды кабыл алууну камсыздоо, суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) кызматтарына тарифтерди чыгымдарга ылайык келтирүү, ошондой эле финансылык милдеттерди аткаруу максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2019-жылдын 1-октябрынан баштап Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 29-июнундагы №146  “Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди бекитүү жөнүндө” токтому өз күчүн жоготту деп табылсын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына (Салымбеков Ж.М.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Р.А.Сарпашовго жүктөлсүн.

Төрага                Ж.Б . Абиров

Тиркемелер:

1. 1-тиркеме, тарифтер (doc. 13Кб)

2. Маалымкат-негиздеме (doc. 50Кб)

3. Салыштырма анализ (doc. 38Кб)

2019-жыл 04-июль