Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаарынын мэриясы

2018-жылдын «____» ___________

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып жана Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын жыйынында (чогулушунда) Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставынын долбоорун талкуулап, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  3. Жергиликтүү жамааттын уставы Бишкек шаардык кеңештин жана Бишкек шаарынын мэриясынын сайттарында жарыялансын;
  4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын 1997-жылдын 29-декабрындагы №97 “Бишкек шаарынын уставын бекитүү жөнүндө” токтому;

- Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын 2002-жылдын 22-майындагы №122 “Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставын жаңы редакцияда бекитүү жөнүндө” токтому;

  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасы А.М. Кененбаевге жана Бишкек шаарынын мэри А.С. Ибраимовго жүктөлсүн.                                             

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы                                                                         

02-май 2018-ж.

Тиркемелер:

Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын долбоору (doc. 149Кб)

- коштомо кат (doc. 20Кб)

- негиздеме кат (doc. 26Кб)

- матрица (doc. 46Кб)