Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

«___»________________

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

         Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 67, 68-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 78-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын аймагында токтотмо мейкиндиктерин өнүктүрүү жана уюштуруу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле токтотмолорду жана унаа туруктарды түзүүнүн жана пайдалануунун тиртибин белгилөө максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын аймагында акы төлөнүүчү токтотмолорду жана унаа туруктарды уюштуруу тартиби жана шарттары жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыккан башка чараларды кабыл алсын.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 28-майындагы №74 «Бишкек шаарынын аймагында автотранспортту токтотуу үчүн жыйымдардын коюмун бекитүү жөнүндө» токтому;

- Бишкек шаардык кеңештин 2016-жылдын 30-июнундагы № 197 «Бишкек шаарынын аймагында жыйымдарды, токтотмолорду  жана унаа туруктарды башкаруу тартиби жөнүндө» токтому.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (Б.К. Абдраев), Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри А.К. Бакетаевге жана транспорт, муниципалдык менчик маселелерин жетектеген Бишкек шаарынын вице-мэри А.Э. Алымкуловго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы         Ж. Б. Абиров

Тиркемелер:

- токтом долбооруна маалымкат-негиздеме (doc. 39Кб)

- токтом долбоорунун жалпы жолболор (doc. 86Кб)

- юридикалык корутунду (doc.16Кб)

08-май 2019-ж.