Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

      Долбоор

                                                                            Бишкек шаарынын мэриясы

                                                                            2019-жылдын “___”_______

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик  кодексинин 88-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесине ылайык Бишкек шаардык кеңеш токтом кылат:

1. 2020-2022-жылдарга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы тиркемеге ылайык  бекитилсин.

2.  Бишкек шаарынын мэриясы:

1)  2020-2022-жылдарга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашырууну камсыз кылсын;

2)  Бишкек шаардык кеңешке 2020-жылдын жыйынтыктары боюнча  Программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчет берсин.

3.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Бишкек шаардык кеңештин төрагасына жана  Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы                        Ж.Б. Абиров

Тиркеме:

- Маалымкат негиздеме (doc 15Кб)

2020-2022-жылдарга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы (doc 349Кб)

- 1-тиркеме, Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын планы (doc 138Кб)

- 2-тиркеме, Программанын натыйжалуулугунун индикатор матрицасы (doc 116Кб)

- 3-тиркеме, СЭӨПнын бюджети (xlsx 368Кб)

-юридикалык корутунду (PDF 100Кб)

- финансылык корутунду (PDF 29Кб)