Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

                                                                           Бишкек шаарынын мэриясы

                                                                           2019-жылдын «__»__________

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

         Бишкек шаарынын шаар курулушун өнүктүрүү Концепциясын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-ноябрындагы № 805 “2025-жылга чейинки мезгилге Бишкек шаарынын башкы планы жөнүндө” токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын Башкы планына ылайык,  Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын борбордук аймагын деталдык пландаштыруу долбоору тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы Жибек-Жолу проспекти, Курманжан Датка, Шабдан Баатыр, Иса Ахунбаев, Дооронбек Садырбаев жана Юлиус Фучик көчөлөрү менен чектелген аймакта долбоор алдындагы уруксат документтерин даярдоодо, курулуш долбоорлорун макулдашууда жана объекттерди курууда, Бишкек шаарынын борбордук аймагын деталдык пландаштыруу долбоорун жетекчиликке алсын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

         4.Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (Б.К. Абдраев) жана Бишкек шаарынын вице-мэри У.Ш. Азыгалиевге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Ж.Б. Абиров

Тиркеме: Маалымкат-негиздеме, юридикалык корутунду (doc.19 Кб)