Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

                                                                                  2019-жылдын “___”_______

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

         1. Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын  19-мартындагы  №58  «2018-жылга Бишкек  шаарынын  бюджетин бекитүү жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1) 1-пунктундагы «8 550 273,2»,   «4 956 356,9»,  «925 210,1»,   «892 839,7»,  «856 587,6», «919 278,9» деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша «8 065 457,7»,   «4 446 106,8»,  «933 053,2»,   «900 350,0»,  «860 523,9», «925 423,8» деген цифраларга алмаштырылсын;

        2)  « Бишкек шаарынын  2018-жылга  бюджетинин киреше бөлүгү» 1,  1-1, 1-2, 1-3, 1-4, 1-5 тиркемелери  ушул токтомдун 1, 1-1, 1-2, 1-3, 1-4, 1-5 тиркемелерине  ылайык редакцияда баяндалсын;

         3) « Бишкек шаарынын 2018-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгү» 2,  2-1 тиркемелери ушул токтомдун 2, 2-1 тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.

         2. Бюджеттик каражаттар боюнча чыгашалардын  негизги топтору, кичи топтору боюнча өзгөртүлгөн  көрсөткүчтөр ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык бекитилсин.

          3. 14-пунктту төмөндөгүдөй мазмундагы  кичи пункт менен толукталсын:

«зыяндуу  эмгек  шарты менен иш үчүн  айлык акысына карата 25 пайыз өлчөмүндө үстөк акы төлөөгө»

         4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо  Бишкек шаардык кеңештин экономика, бюджет жана финансы боюнча  туруктуу комиссиясынын төрайымына жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы    Абиров Ж.Б.

Түшүндүрмө кат, маалымкат-негиздеме, юридикалык кат (doc. 26 Кб)

Тиркемелер (xlsx. 219 Кб)