Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

    Долбоор

    Бишкек шаарынын мэриясы     

      «____» __________________

        Кыргыз Республикасынын “Жарнак жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамдарына ылайык жана Бишкек шаарынын аймагында маалыматтык жана жарнактык конструкцияларды жайгаштырууну тартипке келтирүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- “Бишкек шаарынын аймагында маалыматтык жана жарнактык конструкцияларды жайгаштырууга жана сырткы жарнакты жана маалыматты таратууга уруксат берүүгө архитектуралык-техникалык документтерди жол-жоболоштуруунун тартиби жана шарттары жөнүндө” жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Бишкек шаарында маалыматтык жана жарнактык конструкцияларды жайгаштыруунун жана эксплуатациялоонун эрежелери 2-тиркемеге ылайык.

2. Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 13-октябрындагы №261 “Бишкек шаарынын аймагында сырткы жарнакты, ошондой эле сырткы жарнак каражаттарын жайгаштыруу жана күтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бишкек шаарынын мэриясы:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен бирге Бишкек шаарында маалыматтык жана жарнактык конструкцияларды жайгаштырууга жана эксплуатациялоого уруксат берүүнүн тарифин жана наркын иштеп чыксын жана макулдашсын.

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

         5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (Б.К.Абдраев) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б.О.Дюшембиевге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы             Абиров Ж.Б.

Маалымкат-негиздеме, жобо, орнотуу (doc. 63Кб)