Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

“____” ________________

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

Бишкек шаарында көмүү жана көрүстөндөрдү күтүү

эрежелерин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесине ылайык, муниципалдык көрүстөндөрдүн иштешин камсыздоо жана тургундарга аза кызматтарын көрсөтүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарында көмүү жана көрүстөндөрдү күтүү эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

1) ушул токтомдон келип чыккан чараларды кабыл алсын;

2) ушул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникация жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.М. Салымбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Р.А.Сарпашовго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы      Ж.Б. Абиров

Маалым кат - негиздеме.docx (20кб)

Эрежелер.docx (76кб)

Юридикалык корутунду.docx (14кб)