Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылга Бишкек шаарынын бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 10 230 993,6 миң сом суммасында бекитилсин, анын ичинде:

5 255 794,1 миң сом - шаардык бюджет;

1 328 086,4 миң сом - Ленин администрациялык районунун бюджети;

1 279 577,1 миң сом - Октябрь администрациялык районунун бюджети;

1 130 532,5 миң сом - Биринчи май администрациялык районунун бюджети;

1 237 003,5 миң сом - Свердлов администрациялык районунун бюджети.

2. 2022-2023-жылдарга Бишкек шаарынын бюджетинин негизги параметрлеринин болжолу жактырылсын:

2022-жылга кирешелер жана чыгашалар боюнча болжол - 10 264 356,4 миң сом суммада, 2023-жылга - 10 462 371,1 миң сом суммада.

2022-2023-жылдарга жактырылган шаардын бюджетинин болжолдуу параметрлери ар бир конкреттүү мезгилде аларды кабыл алууда тактоого жатат.

3. 2021-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү жана 2022-2023-жылдарга болжолу 1, 1-1, 1-2, 1-3, 1-4-тиркемелерге ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлө тургандыгы аныкталсын.

4. 2021-жылга Бишкек шаарынын бюджетинен чыгашаларды жана 2022-2023-жылдарга болжолду каржылоого каражаттар 2 жана 2-1-тиркемелерге ылайык белгиленсин.

5. 2021-жылга карата чыгашаларды каржылоо иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин. Мында, биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча (Эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төлөмдөр, медикаменттер, тамактануу, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпул, стипендиялар) чыгашаларды каржылоо жүргүзүлөт.

Бюджеттик мекемелерде бош орундардын түзүлүшү, алардын штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышы менен байланыштуу корголгон статьяларына каралган суммаларды азайтууга жол берилет.

Каражаттардын чыгымдалышы жана чыгаша статьяларынын максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик бюджеттик мекемелердин жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерине жүктөлөт.

6. 2020-жылы жеткиликтүү каржыланбай калган чыгашалар 2021-жылга Бишкек шаарынын бюджетинде каралган ассигнованиелердин эсебинен жана чектеринде компенсациялана тургандыгы белгиленсин.

7. 2021-жылдын 1-январына Бишкек шаары боюнча карата жүгүртүүдөгү кассалык накталай акча 10 000,0 миң сом суммасында, анын ичинде шаардык бюджет боюнча 6 000,0 миң сом жана райондук бюджет боюнча 1 000,0 миң сомдон суммасында бекитилсин.

8. 2021-жылга түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн төмөндөгүдөй ченеми бекитилсин:

1) салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы боюнча, чакан ишкердик субъекттери үчүн бирдиктүү салык, патенттин негизиндеги салык, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө салык, жер салыгы, калктуу конуштардын таштандыларын чыгаруу үчүн жыйым боюнча:

Ленин администрациялык району– 70,5 %;

Октябрь администрациялык району– 69,1 %;

Биринчи май администрациялык району–33,0%;

Свердлов администрациялык району– 57,9 %.

2) администрациялык райондорго 50,0% роялтиден.

3) башка салыктар жана жыйымдар боюнча, калктуу конуштардагы жерлерди ижаралоо үчүн акы төлөө жана мүлк ижарасы үчүн, автотранспорт коюу жана токтотуу үчүн жыйым, мамлекеттин пайдасына чегерилген кирешелер боюнча, этиль спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча иш жүргүзгөндүгү үчүн жыйым, Бишкек шаарынын ЭЭАсынан салыктык жана салыктык эмес түшүүлөр - 100% шаардык бюджетке.

4) Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексине ылайык салынуучу айып пулдар боюнча тийиштүү администрациялык райондун бюджетине 100% багытталсын.

9. Бюджеттик уюмдарга жана мекемелерге атайын каражаттарды казыначылык тутумунан тышкары пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулган учурда атайын каражаттардын 100% тиешелүү бюджеттин кирешесине алынат.

10. Бюджеттик мекемелер жана муниципалдык ишканалар тарабынан максаттуу багыты эмес боюнча пайдаланылган Бишкек шаарынын бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алууга жатат.

11. Ушул токтом менен бекитилген бюджеттик параметрлерди өзгөртүү зарыл болгондо, ага тиешелүү оңдоолорду кабыл алганга чейин Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу боюнча аткарылышы мүмкүн.

12. 2021-жылга Бишкек шаарынын бюджетинен каржылануучу мекемелер үчүн төмөндөгүлөр белгиленсин:

1) жалпы билим берүү мектептеринин чарба башчыларына ай сайын айлык акыларына окуучулардын санына жараша 1 штаттык бирдик эсебинде 2800 сом    го чейинки үстөк акы (100 окуучуга чейин – 450 сом, 100дөн 600гө чейин – 1000 сом, 600дөн 1200гө чейин – 1600 сом, 1200дөн 1800гө чейин – 2200 сом, 1800дөн жогору – 2800 сом);

2) балдар музыкалык мектептердин жаш адистерине 1 кызматкерге ай сайын 500 сом эсебинде үстөк акы;

3) карылар үйүнүн, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шаардык реабилитациялык борборунун, «Коломто» муниципалдык мекемесинин жана «Ардагер» шаардык геронтологиялык борборунун, Зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү борборунун кызматкерлеринин айлык акысына 1 кызматкерге ай сайын 1650 сом эсебинде үстөк акы;

4) Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын социалдык кызматкерлеринин айлык акысына 1 кызматкерге ай сайын 4000 сом эсебинде үстөк акы;

5) Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын үйлөмө аспап, симфониялык оркестрлеринин, элдик аспаптар оркестринин, «Семетей», «Доор», «Сувенир» ансамблдеринин, «Кыргыз руху» фольклордук ансамблинин жана «Акак» комузчулар ансамблинин кызматкерлеринин, Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын китепканачыларынын, музей кызматкерлеринин жана маданият үйлөрүнүн кызматкерлеринин, Ленин администрациялык районунун Чоң-Арык айылынын муниципалдык аймактык башкармалыгынын тарыхый музейинин кызматкерлеринин, Бишкек шаардык драмалык театрынын негизги жана инженердик - техникалык персоналынын айлык акысына 1 кызматкерге ай сайын 5000 сом эсебинде үстөк акы;

6) Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын борборлоштурулган бухгалтериясынын кызматкерлеринин айлык акысына 1 кызматкерге ай сайын 5000 сом эсебинде үстөк акы;

7) шаардык маанидеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин айлык акысына төмөндөгүдөй ай сайын үстөк акы:

мэриянын, шаардык кеңештин жетекчилерине-1000 сомдон;

материалдарды сактоо кызматынын кызматкерлерине-2000 сомдон;

шаардык бюджеттен каржылануучу түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине жана кызматкерлерине, Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек шаардык кеңештин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек башкармалыгынын кызматкерлерине жана башкаруу органдарын тейлеген айдоочуларга - 1 кызматкерге 4000 сом эсебинде, бул органдардын кенже жана техникалык тейлөөчү персоналына-1 кызматкерге 6000 сом эсебинде;

жергиликтүү бюджеттин эсебинен күтүлүүчү Бишкек шаары жана Чүй областы боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын жергиликтүү жана салыктык эмес төлөмдөрдү контролдоо боюнча бөлүмүнүн начальнигинин орун басарына жана кызматкерлерине - 1 кызматкерге 3000 сом эсебинде;

8) райондук маанидеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин айлык акысына төмөндөгүдөй ай сайын үстөк акы:

администрациялык райондордун жетекчилерине - 1000 сомдон;

муниципалдык администрациялардын аппаратынын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын,райондук билим берүү борборлорунун аппаратынын жана борборлоштурулган бухгалтерияларынын, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын, финансы органдарынын жана Мамлекеттик салык кызматынын (мындан ары- МСКБ)райондук башкармалыктарынын жергиликтүү салыктар жана жыйымдар боюнча бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен күтүлүүчү райондук башкармалыктарынын начальниктеринин орун басарларына -1 кызматкерге 3000 сом эсебинде,бул органдардын кенже жана техникалык тейлөөчү персоналына - 1 кызматкерге 5000 сом эсебинде;

9) райондук аскер комиссариаттарынын кенже тейлөөчү, техникалык жана аскердик - учеттук персоналдарынын айлык акыларына 1 кызматкерге ай сайын 500 сом эсебинде үстөк акы;

10) билим берүү, социалдык коргоо, маданият, спорт уюмдарынын башка кызматкерлеринин айлык акыларына 1 кызматкерге ай сайын 1000 сом эсебинде үстөк акы;

11) саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин айлык акыларына төмөндөгүдөй ай сайын үстөк акы:

дарыгерлерге, орто жана башка персоналга бир ставкага 1000 сом эсебинде, бирок 1 кызматкерге 1000 сомдон ашык эмес суммада;

кенже медициналык персоналга бир ставкага 1500 сом эсебинде, бирок 1 кызматкерге 1500 сомдон ашык эмес суммада;

Бишкек шаарынын тез медицина борборунун сутка бою иштеген оперативдүү бөлүмүнүн кызматкерлерине, чакырууга чыгуу бригадасынын фельдшерлерине жана санитарларына бир ставкага  2500 сом эсебинде, бирок 1 кызматкерге 2500 сомдон ашык эмес суммада;

тез кечиктирилгис жардам көрсөтүү кызматынын дарыгерлерине жана дарыгер-педиатрларына дарыгер-неонатологдорго, дарыгер-реаниматологдорго, дарыгер-анестезиологдорго, дарыгер-комбустиологдорго бир ставкага 4000 сом эсебинде, бирок 1 кызматкерге 4000 сомдон ашык эмес суммада;

Бишкек шаарынын биринчи медициналык-санитардык жардам кызматынын калкты аралаш кабыл алууну жүргүзгөн үй-бүлөлүк дарыгерлерине бир ставкага2000 сом эсебинде, бирок 1 кызматкерге 2000 сомдон ашык эмес суммада;

12) Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын медициналык - педагогикалык комиссиясынын усулчуларынын айлык акыларына 1 кызматкерге 1500 сом эсебинде ай сайын үстөк акы;

13) тез медицина автомашиналарынын айдоочуларынын айлык акыларына бир ставкага 2000 сом эсебинде, бирок 1 кызматкерге ай сайын 2000 сомдон ашык эмес үстөк акы.

14) өзгөчө маанилүү жана жооптуу жумуштарды аткаруу үчүн:

Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек шаардык кеңештин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек башкармалыгынын, администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын, райондук финансылык органдардын, Бишкек шаарынын мэриясынын Ички аудит башкармалыгынын кызматкерлерине, бул органдардын кенже жана техникалык тейлөөчү персоналына кызматтык маянасына ай сайын эки айлык маяна өлчөмүндө үстөк акы;

 шаардык маанидеги түзүмдүк бөлүмдөрдүн, Бишкек шаарынын мэриясынын Колл-борборунун, муниципалдык аймактык башкармалыктардын,  райондук билим берүү борборлорунун аппаратынын, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын кызматкерлерине, бул органдардардын кенже жана техникалык тейлөөчү персоналына жана Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын жана  райондук билим берүү борборлорунун борборлоштурулган бухгалтерияларынын кызматкерлеринин кызматтык маянасына ай сайын бир айлык кызматтык маяна өлчөмүндө үстөк акы.

13. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен күнүнө тамактандырууга төмөндөгү ченемдер белгиленсин:

1) мектепке чейинки билим берүү уюмдарында;

3 жашка чейинки курактагы балдар үчүн - 29 сом;

3 төн 7 жашка чейинки курактагы балдар үчүн - 30 сом;

2) акыл-эс жана дене-бой өсүшүндө кемчиликтери бар балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарында - 60 сом, балдар сутка бою болгон топтордо – 80 сом;

3) кургак учук менен ооруган балдар үчүн бала бакчада - 95 сом;

4) жалпы билим берүү уюмдарындагы жетим балдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 5 - 7-класстагы балдары үчүн - 14 сом;

5) жалпы билим берүү уюмдарындагы 1 - 4-класстардын балдарыүчүн - 14 сом;

6) жалпы билим берүү уюмдарындагы акыл-эс жана дене-бой өсүшүндө кемчиликтери бар балдар үчүн - 28 сом;

7) Балдарды социалдык адаптациялоо борборунда, Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунда, «Айданек» жашы жете элек балдарды реинтеграциялоо борборунда, Октябрь районунун № 71 орто мектеп интернатындагы интернаттык топтордо жана № 1 гимназия - интернатында - 110 сом;

8) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн шаардык реабилитациялык борборунда - 60 сом;

9) жатып калган оорулуулардын ысык тамагына - 60 сом;

10) белгилүү жашаган орду жок адамдарды тамактандырууга - 35 сом;

11) мектеп алдындагы лагерлердеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын тамактандырууга - 44 сом.

14. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен күнүнө медикаменттерге төмөнкү ченемдер белгиленсин:

1) Балдарды социалдык адаптациялоо борборунда, «Айданек» жашы жете элек балдарды реинтеграциялоо борборунда 12,80 сомго чейин;

2) шаардык реабилитациялык борборунда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн 0,55 сомго чейин;

3) белгилүү жашаган орду жок адамдар үчүн 12,50 сомго чейин

15. 2021-жылга төмөнкү чыгашалар бекитилсин:

1) жалпы билим берүү уюмдарында аскерге чакырууга чейин даярдык боюнча жетекчинин бирден ставкасын күтүүгө;

2) Бишкек шаарынын тез медицина борборунун «медициналык кызматкердин депозитине» 40,0 штаттык бирдикке бир дарыгерге айына 6000 сом эсебинде жана үч жыл иштеп бүткөндүгү боюнча бир орто медициналык кызматкерге ай сайын 5000 сом;

3) Бишкек шаарынын жаңы конуштарында жана Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында, балдарга дарылоо алдын ала жардам көрсөтүүчү "Бишкек шаарынын дарыгер-педиатрынын депозитине” үч жыл иштеп бүткөндүгү боюнча бир дарыгерге айына 5000 сом эсебинде;

4) Биринчи май районунун «Коломто» муниципалдык мекемесин күтүүгө;

5) Ленин, Октябрь администрациялык райондорунун 2 кечки жалпы билим берүү мектебин жана Свердлов администрациялык районунун №35 жана №94 жалпы билим берүүчү мектептеринин алдындагы кечки класстарды күтүүгө;

6) «Бишкек шаарынын SOS – Герман Гмайнер окуу-тарбиялоо комплекси» мекемесинин, Бишкек шаарынын балдар айылынын SOS – бала бакчасынын чыгымдарын төлөөгө;

7) «Сезим» кризистик борборунун, «Оберег» реабилитациялык борборунун, «Рука в руке» аутист балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмесинин, «ЧГЕШ-еврей мектеби» окуу-тарбиялоо борбору» мекемесинин чыгымдарын төлөөгө;

8) Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлер жана оорук эмгекчилеринин Бишкек шаардык жана райондук кеңештеринин чыгымдарын төлөөгө;

9) Зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү борборун күтүүгө;

10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 336 «Билим берүү уюмдарынын болжолдуу  типтүү штаттарын бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» токтому менен бекитилген типтүү штаттардан сырткары киргизилген кошумча штаттык бирдиктерди, 3-тиркемеге ылайык 609,25 штаттык бирдик санында кызмат орундарын күтүүгө;

11) Бишкек шаарын жана жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүүгө, ошондой эле шаардык жана аймактык маанидеги объекттерди (социалдык, коомдук, коммуналдык, инженердик инфраструктуралар, тургундардын жалпы үлүштүк менчиктерин) түзүүгө, өнүктүрүүгө, калыбына келтирүүгө жана реабилитациялоого жана жергиликтүү коомчулуктун өз алдынча башкаруусунун ар түрдүү формаларын өнүктүрүүгө, алардын коомдук активдүүлүгүн жогорулатууга жана коммуналдык жана башка жашоо тиричилик маселелерин өз алдынча чечүүгө жөндөмдүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө колдоо көрсөтүүгө багытталган дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды берүүгө;

12) «Мурас-Ордо» конушунун балдарын Аламүдүн районунун Степное айылынын «Келечек» мектебине ташууну уюштурууга;

13) Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринде «Жаш мугалим депозити» программасын ишке ашырууга;

14) Октябрь администрациялык районунун №34 адистештирилген көмөкчү мектебиндеги акыл-эс жана дене-бой өсүшүндө кемчиликтери бар балдар үчүн узартылган күн топторуна тарбиячылардын 5,0 ставкасын күтүүгө;

15) карыздары жоюуга жана милдеттенмелерди аткарууга шаардык бюджеттен администрациялык райондорго өткөрүп берилүүчү каражаттар боюнча;

16) балансында кезметтик (кызматтык) автомашиналары жок муниципалдык аймактык башкармалыктарга айына 100 литрден бензин сатып алууга;

17) райондордун муниципалдык аймактык башкармалыктарынын балансында турган жүк ташуучу автомашиналардын айдоочуларын күтүүгө;

18) райондук МСКБнын начальниктеринин орун басарларын, райондук МСКБнын жергиликтүү салыктар жана жыйымдар боюнча бөлүмдөрүнүн 60,0 штаттык бирдигин, Бишкек шаары жана Чүй областы боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча МСКБнын начальнигинин орун басарын жана Бишкек шаары жана Чүй областы боюнча ИСТК МСКБнын жергиликтүү жана салыктык эмес төлөмдөрдү контролдоо боюнча бөлүмүнүн 5,0 штаттык бирдигин күтүүгө;

19) зыяндуу жумуш шарты менен иш үчүн айлык акысына карата 25% өлчөмүндө үстөк акы төлөөгө;

20) Бишкек шаарынын муниципалдык кызматчыларына квартал сайын сыйлык акы төлөөгө;

21)  Бишкек шаарында калкты жана турак жай фондусун каттоо жүргүзүүгө.

16. Кварталдык, үй комитеттеринин, аксакалдар сотторунун төрагаларына келишимдик негизде 4-тиркемеге ылайык ай сайын акы төлөө белгиленсин.

17. Аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнө келишимдик негизде квартал сайын 250 сомдон акы төлөө белгиленсин.

18. «Алга-Бишкек футбол клубу» муниципалдык мекемесинин футболчуларына контракттык негизде ай сайын стипендия белгиленсин.

19. «Алга-Бишкек футбол клубу» муниципалдык мекемесинин машыктыруучуларына контракттык негизде айлык акы белгиленсин.

20. 5-тиркемеге ылайык, «Алга-Бишкек футбол клубу» муниципалдык мекемесинин кызматкерлерине кызматтык маяна белгиленсин.

21. 6, 6-1-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгына караштуу “Алтын-Булак пансионаты” муниципалдык мекемесинин, Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгына караштуу «Социалдык жатакана” муниципалдык мекемесинин кызматкерлерине кызматтык маяна белгиленсин.

22. Жалпы билим берүүчү уюмдардагы аскерге чакырууга чейинки даярдоо боюнча жетекчилерине айына 6000 сом өлчөмүндө кызматтык маяна белгиленсин.

23. 7-тиркемеге ылайык, 2021-2023-жылдарга Бишкек шаарынын программалык бюджети жактырылсын.

24. 8-тиркемеге ылайык, 2020-жыл үчүн чыгашалардан  кирешелерди ашыруунун эсебинен 209 229,0 миң сом суммасындагы чыгымдарды  багыттоого уруксат берилсин.

25. 9-тиркемеге ылайык, бюджеттик мекемелердин жылдын башталышына карата атайын каражаттарынын калдыгын чыгашаларга багыттоо бекитилсин.

26. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, аппараттардын, өз алдынча бөлүмдөрдүн жана башка мекемелердин кызматкерлерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен сыйлык акы берүү жана кызматтык эмгек акыларын жана аларга үстөк акыларды белгилөө укугу Бишкек шаарынын мэринде сакталсын.

27. Бишкек шаарынын мэриясы төмөнкүлөрдү тийиштүү титулдук тизмелерге жана өндүрүштүк программаларга киргизүү тууралуу маселени карап чыксын, ошондой эле жалпы бюджеттик ассигнованиелердин чектеринде каражат тапсын:

-  бекитилген иш планга ылайык, “Мадина” базарынын жанындагы Менделеев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн ортосундагы Чүй проспектисине чейинки жашыл аймакты көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга, Менделеев көчөсүн Чүй проспектисине чыккандай кылып оңдоого;

- “Учкун”, “Ала-Тоо”, “Хабитат” жана Биринчи май районунун №13 МАБсынын аймагындагы “Щербаков” жаңы конушунда канализациянын долбоорлоо-чалгындоо иштерине жана курууга;

-Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын бюджетин 150,0 млн. сомго жана Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын бюджетин 50,0 млн.сомго көбөйтүүгө;

- Свердлов районунун Төкөлдөш конушундагы Менделеев көчөсүн (465 метр) асфальттоого;

- Свердлов районунун “Дордой” конушуна бала бакча курууга.

28. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

29. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Ж. Б. Абировго жана Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Б. Ж. Кудайбергеновго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                  Ж. Б. Абиров

Тиркеме:

- 2021-жылга бюджетин бекитүү боюнча бардык тиркемелер (doc. 165 Кб)