Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2005-жылдын 10-октябрындагы № 111 “Бишкек  шаарынын ардактуу жараны жөнүндө” жобону  бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, 2020-жылдын 3-февралындагы комиссиянын № 1 чечиминин жана Бишкек шаардык кеңешинин расмий сайтына жайгаштырылган  “Бишкек шаарынын Ардактуу жараны” наамын ыйгарууга көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө маалыматтардын негизинде, мекемелердин жана коомдук уюмдардын өтүнүчтөрүн эске алып, Бишкек шаарынын экономикалык жана социалдык-маданий өнүгүүсүнө кошкон чоң салымы, активдүү коомдук жана меценаттык иши үчүн, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 2019 жыл үчүн “Бишкек шаарынын Ардактуу жараны” наамы төмөнкү жарандарга  ыйгарылсын:

Кутанова Анна Алексеевна - Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, эмгектин  ардагери, Ленинград блокадачыларынын Кыргыз коомунун төрагасы;

Брейво Вячеслав Георгиевич – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, “Эмгек ардагери”, Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын консультанты - башкы юристи;

Бакиров Шейшенкул Турдумамбетович – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, самбо жана дзюдо боюнча СССР спортунун чебери, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу теннис, паралимпиадалык жана спорттун күч түрлөрү боюнча ОРБЖСМнын директору;

Пирматова Асель Айтбаевна – Бишкек шаардык кеңешинин үч чакырылышынын депутаты;

Кенешов Төлөбай Сейдакматович - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу,  Н. Исанов атындагы КТжАКМУсунун “Шаар куруу” кафедрасынын башчысы;

Сабиров Равшанбек Азтович - “Кыргыз – Фариаб” ЖЧКсынын директору, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 5-чакырылышынын депутаты, Кыргыз Республикасынын социалдык өнүктүрүү экс-министри;

Орумбаев Медербек Аманович - “Аман инвест строй” ЖЧКсынын генералдык директору.

2. Бишкек шаарынын мэриясы  Бишкек шаардык кеңешинин 2007-жылдын 19-мартындагы  № 311 “Бишкек шаарынын Ардактуу жаранынын Белгисинин, Грамотасынын,күбөлүгүнүн жана Бишкек шаарынын Ардактуу жарандарынын Китебинин жоболорун жана баяндоолорун бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык бир айлык мөөнөттө 2019-жылда бул наамга татыктуу болгон жактарга тапшыруу үчүн Бишкек шаарынын Ардактуу жаранынын белгилерин, грамоталарын, күбөлүктөрүн даярдоону камсыз кылсын.

3. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарына  жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                           Ж. Б. Абиров