Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Административдик аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө” токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объектилерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” жобого ылайык, Бишкек шаарынын тарыхый жана маданий мурастарын сактоо,  чет мамлекеттер менен достук тышкы саясий мамилелерди чыңдоо максатында, ошондой эле Азербайжан Республикасынын элчилигинин кыргыз тарапка жиберген нотасын эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеши                                                                               

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 14-июнундагы № 324 “Азербайжан Республикасынын экс-президенти Гейдар Алиевдин ысымын Байтик баатыр көчөсүндө жайгашкан сейилбакка ыйгаруу жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

 токтомдун “Азербайжан Республикасынын экс-президенти Гейдар Алиевдин ысымын Байтик баатыр көчөсүндө жайгашкан сейилбакка ыйгаруу жөнүндө” аталышы “Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан сейил бакты атоо жөнүндө” деген редакцияда берилсин.  

1-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын: “1. Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан аянты 5,5 га сейил бакка “Кыргызстан – Азербайжан достугу сейил багы” аталышы ыйгарылсын (чийме тиркелет).”.

2. Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 22 “Бишкек шаарынын географиялык объектилерин кайра атоо маселесин тартипке салуу жөнүндө” токтомунун  1-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын: “1. Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 26-декабрындагы № 29 “Ч. Т. Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө” токтомунан, Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Иманалы Айдарбековдун атынан Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн бирин кайра атоодон, Шабдан Баатыр көчөсүн 7-апрель көчөсүнө кайра атоодон, Мухтар Ауэзов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки Чүй проспектинин бөлүгүн Шабдан Баатыр проспектине кайра атоодон, Байтик Баатыр көчөсү боюнча жайгашкан Азербайжан Республикасынын экс-президенти Гейдар Алиевдин атындагы сейилбакты Кыргызстан – Азербайжан достугу сейилбагына кайра атоодон тышкары Бишкек шаарынын проспекттерин, аллеяларын, аянттарын, шаардык сейилбактарды, саябандарды, көчөлөрдү жана туюк көчөлөрдү кайра атоого мораторий он жылга жарыялансын.”.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу “Кадастр” жер ресурстары боюнча Мамлекеттик агенттигинин Мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалы, “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы эсепке алуу, инвентаризациялоо маалыматтарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын шаар куруу жана архитектура маселелерин тескеген вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                                            Ж. Б. Абиров