Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарын жана Бишкек шаардык кеңешинин регламентин жетекчиликке алып, ошондой эле 2018-жылы үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт  башкармалыгынын жасаган иши жөнүндө отчетун угуп чыгып, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 2018-жылы үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жасаган иши жөнүндө отчету  канааттандыраарлык деп табылсын.

Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт  башкармалыгы:

Бишкек шаарында дене тарбия жана спортту, дени сак жашоону өнүктүрүү шарттарын түзүү жана жакшыртуу жана борбордун калкынын ден соолугун чыңдоо боюнча ишти күчөтсүн;

шаардык дене тарбия жана спортту өнүктүрүү боюнча шаардык комплекстүү программаларды иштеп чыксын жана аларды ишке ашыруу боюнча ишти жүргүзсүн;

борбордо дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнү жана пропагандалоону жүзөгө ашыруу боюнча  коюлган милдеттерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу үчүн жоопкерчиликти жогорулатсын;

“Дельфин” олимпиадалык белендеги спорттун сууда сүзүү, заманбап беш таймаш, фехтование жана триатлон түрлөрү боюнча балдардын-уландардын адистештирилген спорттук мектеби” муниципалдык ишканасында электрондук билеттөө тутумун жайылтуу боюнча ишти жүргүзсүн.

  1. 2020-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө Бишкек шаардык кеңешине ушул токтомдун аткарылышы тууралуу маалымат берилсин.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеӊешинин төрагасы                                  Ж. Б. Абиров