Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаарында муниципалдык менчик объекттерин натыйжалуу пайдалануу механизмин иштеп чыгуу максатында, Бишкек шаардык кеңеши

                                                ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

а) 1-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобо;

б) 2-тиркемеге ылайык, чарбалык жүргүзүүгө муниципалдык мүлктү берүү жөнүндө  типтүү келишим;

в) 3-тиркемеге ылайык, ыкчам башкарууга муниципалдык мүлктү берүү жөнүндө типтүү келишим;

г) 4-тиркемеге ылайык, жеңилдетилген ижара акысы менен типтүү келишим;

д) 5-тиркемеге ылайык, рыноктук ижара акысы менен типтүү келишим;

е)6-тиркемеге ылайык, субижаралоо  типтүү келишими;

ж) 7-тиркемеге ылайык, узак мөөнөттүү ижаралоо типтүү келишими;

з)  8-тиркемеге ылайык, кыймылдуу мүлктүн типтүү келишими.

2. Бишкек шаардык кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:

2002-жылдын 22-майындагы № 127 «Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерге чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” ;

2012-жылдын 24-октябрындагы № 335 “Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы N 127 "Бишкек шаарынын коммуналдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерге чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”;

2009-жылдын 2-декабрындагы № 107 “Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы N 127 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн объекттерине чектелген буюм укуктарды берүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”;

2006-жылдын 11-июлундагы № 221 “Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы N 127 "Бишкек шаарынын коммуналдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерге чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун  1-пункту жана “ Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 30-январындагы №97 “Муницпалдык менчикти ижаралоо  үчүн акы төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табуу жөнүндө”;

2006-жылдын 17-мартындагы № 186 “Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы N 127 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн объекттерине чектелген буюм укуктарды берүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”;

2008-жылдын 24-апрелиндеги № 434 “Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы N 127 токтому менен бекитилген "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн объекттерине чектелген буюм укуктарды берүү тартиби жөнүндө" жобого  өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”;

2009-жылдын 4-февралындагы № 40 “Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы N 127 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн объекттерине чектелген буюм укуктарды берүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”;

2009-жылдын 30-апрелиндеги № 67 “Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы N 127 токтому менен бекитилген "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн объекттерине чектелген буюм укуктарды берүү тартиби жөнүндө" жобого толуктоолорду киргизүү жөнүндө”;

2009-жылдын 2-декабрындагы № 107 “Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы N 127 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн объекттерине чектелген буюм укуктарды берүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”;

2010-жылдын 27-майындагы № 186 ““Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы N 127 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн объекттерине чектелген буюм укуктарды берүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”;

2010-жылдын 3-декабрындагы № 201 ““Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы N 127 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн объекттерине чектелген буюм укуктарды берүү тартиби жөнүндө" токтому менен бекитилген “"Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн объекттерине чектелген буюм укуктарды берүү тартиби жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”;

2011-жылдын 13-октябрындагы № 276 “Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы N 127 токтому менен бекитилген "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн объекттерине чектелген буюм укуктарды берүү тартиби жөнүндө" жобого толуктоолорду киргизүү жөнүндө”;

2017-жылдын 3-октябрындагы № 30 “Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы N 127 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн объекттерине чектелген буюм укуктарды берүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”.

3. Бишкек шаарынын мэриясы:

а) ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн:

б) алты айлык мөөнөттө муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиянын сын-пикирлерин иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңешинин сессиясынын кароосуна киргизсин.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана транспорт жана транспорт, муниципалдык менчик маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                             Ж. Б. Абиров