Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып, социалдык бөлүк боюнча Бишкек шаардык кеӊешинин учурдагы токтомдорун инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча, иштөө мөөнөттөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын азыркы мыйзамынын өзгөргөндүгүн эске алуу менен, Бишкек шаардык кеӊеши

                                          ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеӊешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:

1996-жылдын 26-июлундагы № 50 “Элдик билим берүү департаментинин жаӊы окуу жылына даярдоо боюнча иши жөнүндө”;

1996-жылдын 26-июлундагы № 59 “1995-жылдын 6-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары тарабынан бекитилген санитардык-гигиеналык жана радиологиялык изилдөөлөрдү өткөрүүгө убактылуу прейскурант жөнүндө”;

1996-жылдын 8-октябрындагы № 61 “Бишкек шаарынын иш менен камсыз болбогон калкын иш менен камсыздоо шаардык кызматынын иши жөнүндө”;

1996-жылдын 8-октябрындагы № 63 “Бишкек шаарынын мугалимдерине, врачтарына, студенттерине, пенсионерлерине пенсиялардын, жөлөкпулдардын, эмгек акынын өз убагында төлөнүшү жана абалы жөнүндө”;

1997-жылдын 30-январындагы № 71 “Бишкек шаарынын саламаттык сактоо мекемелеринин калккаквалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү, профилактикалык тейлөөнү жакшыртуу иши  жөнүндө”;

1998-жылдын 27-мартындагы № 105 “Шаар калкын социалдык жактан коргоо боюнча иштин абалы жөнүндө”;

1998-жылдын 23-декабрындагы № 135 “Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаевдин Кыргызстандын элине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине билдирүүсүндө коюлган маселелердин алкагында Бишкек шаары боюнча  кедейчиликти жоюу боюнча “Аракет” (1998-2005)  улуттук программасын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө”;

  1. үчүн Бишкек шаарындагы ишке жайгаштыруунун абалы жөнүндө”;
  2. үчүн Бишкек шаарынын калкынын социалдык жактан коргоо боюнча иштин абалы жөнүндө”;

2000-жылдын 5-июлундагы № 33 “Бишкек шаардык мамлекеттик ветеринардык-санитардык станциясынын 1999-жыл жана 2000-жылдын 1- кварталы үчүн соода жана коомдук тамактануу объекттеринин санитардык-гигиеналык ченемдерин сактоосун контролдоо боюнча иши жөнүндө”;

2000-жылдын 5-июлундагы № 34 “Шаардык санитардык кызматтын 1999-жыл жана 2000-жылдын 1- кварталы үчүн соода жана коомдук тамактануу объекттеринин санитардык-гигиеналык ченемдерин сактоосун контролдоо боюнча иши жөнүндө”;

2000-жылдын 5-июлундагы № 35 “Бишкек шаарынын санитардык-экологиялык абалы жөнүндө”;

2000-жылдын 5-июлундагы № 41 “Бишкек шаарынын гимнинин текстин жана музыкасын талдоо боюнча комиссия түзүү жөнүндө”;

2000-жылдын 8-ноябрындагы № 43 “Жаӊы 2000-2001 окуу жылына Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин даярдыгы жөнүндө”;

2001-жылдын 10-октябрындагы № 85 “Бишкек шаарында мектепке чейинки билим берүүнүн абалы жөнүндө”;

2002-жылдын 16-июлундагы № 138 “Бишкек шаарында жашы жете электердин арасында кароосуздукту, укук тартибин жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча милициянын участкалык инспекторлорунун иши жөнүндө”;

2002-жылдын 16-июлундагы № 143 “Депутаттардын Бишкек шаардык Кеӊешинин веб-сайтын түзүү жөнүндө”;

2003-жылдын 19-мартындагы № 164 “Бишкек шаарынын саламаттык сактоо мекемелеринин калккаквалификациялык медициналык жардам көрсөтүү, дарылоо-профилактикалык тейлөөнү жакшыртуу иши  жөнүндө”;

2003-жылдын 19-ноябрындагы № 201 “Бишкек шаарынын мэриясынын Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринде акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү тартипке салуу боюнча иши жөнүндө”;

2004-жылдын 8-июлундагы № 232 “Бишкек шаарынын мэриясынын Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринде акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү тартипке салуу боюнча Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын иши жөнүндө”;

2004-жылдын 9-июлундагы № 233 “Бишкек шаарынын мэриясынын Бишкек шаарынын билим берүү, спорт, маданият объекттерин натыйжалуу пайдалануу боюнча иши жөнүндө”;

2004-жылдын 18-августундагы № 261 “Бишкек шаарынын саламаттык сактоо мекемелеринин эне жана балалыкты коргоо боюнча иши жөнүндө”;

2005-жылдын 6-июнундагы № 60 “Бишкек шаардык кеӊештин депутаты В.В.Красиенконун жайкы мектеп каникулдарын узартуу боюнча сунушу жөнүндө”;

2005-жылдын 4-июлундагы № 90 “Бишкек шаарында жашаган жарды, улгайган, жалгыз жарандарга ысык тамак уюштуруунун абалы жөнүндө”;

2005-жылдын 24-ноябрындагы №149 “Бишкек шаарынын райондук социалдык коргоо башкармалыктарынын жарды, улгайган, жалгыз жарандарды ысык тамак менен камсыздоо боюнча иши жөнүндө”;

2006-жылдын 21-февралындагы № 182 “Бишкек шаарынын билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелерин жаш адистер менен камсыздоо жана аларды социалдык коргоо жөнүндө”;

2006-жылдын 28-сентябрындагы № 244 “Бишкек шаарынын жалпы билим берүү жана мектепке чейинки уюмдардын окуучуларынын тамактануусун уюштурууну текшерүү боюнча жумушчу комиссия түзүү жөнүндө”;

2007-жылдын 11-январындагы № 283 “Бишкек шаарында саламаттык сактоо тутумун реформалоону ишке ашыруу жөнүндө”;

2007-жылдын 28-июнундагы № 329 “Бишкек шаарында калкты коопсуз жана экологиялык таза азыктар менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө”;

2010-жылдын 20-февралындагы № 150 “Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо жөнүндө”;

2010-жылдын 27-майындагы № 189 “Турак-жай субсидияларын эсептөөнүн жана берүүнүн тууралыгын текшерүү жөнүндө”;

2011-жылдын 30-июнундагы № 239 “Бишкек шаарынын Бирдиктүү төлөө тутумуна кирген саламаттык сактоо уюмдарын программалык негизде каржылоо механизмине которуу жөнүндө”;

2011-жылдын 30-июнундагы № 248 “Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациялары жана кызматтары тарабынан “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө”;

  2012-жылдын 25-апрелиндеги № 302 “Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 30-июнундагы № 248 “Бишкек шаарынын райондук администрациялары жана шаардык кызматтары тарабынан “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө” токтомунун аткарылышы жөнүндө”.

  1. Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаардык кеӊешинин токтомдорунун аткарылышын контролдоо боюнча жоопкерчиликти жогорулатсын. 
  2. Бишкек шаардык кеӊешинин ушул токтому Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеӊешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэриясына жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеӊешинин төрагасы                  Ж. Б. Абиров