Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2020-жылга Бишкек шаарынын бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 10 231 972,4 миң сом суммада бекитилсин, анын ичинде:

5 353 688,8 миң сом - Бишкек шаарынын бюджети;

1 290 573,4 миң сом - Ленин администрациялык районунун бюджети;

1 277 848,5 миң сом - Октябрь администрациялык районунун бюджети;

1 100 027,8 миң сом - Биринчи май администрациялык районунун бюджети;

1 209 833,9 миң сом - Свердлов администрациялык районунун бюджети.

2. Бишкек шаарынын 2021-2022-жылдарга бюджетинин негизги параметрлеринин болжолу жактырылсын:

2021 - жылга кирешелер жана чыгашалар боюнча болжол - 10 067 710,8 миң сом суммада, 2022-жылга - 10 451 414,2  миң сом суммада.

Шаардын 2021-2022-жылдарга жактырылган бюджетинин болжолдуу параметрлери аларды кабыл алууда ар бир конкреттүү мезгилде такталууга тийиш.

3. 2020-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү жана 2021-2022-жылдарга болжолу 1, 1-1, 1-2, 1-3, 1-4-тиркемелерге ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлө тургандыгы аныкталсын.

4. 2020-жылга Бишкек шаарынын бюджетинен чыгымдарды жана 2021-2022-жылдарга болжолун каржылоого каражаттар 2- жана 2-1-тиркемелерге ылайык белгиленсин.

5. 2020-жылга карата чыгымдарды каржылоо иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин. Мында, биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча (Эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төлөмдөр, медикаменттер, тамактануу, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпул, стипендиялар) чыгашаларды каржылоо жүргүзүлөт.

Бюджеттик мекемелерде бош орундардын түзүлүшү, алардын штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышы менен байланыштуу корголгон статьясына каралган суммаларды азайтууга жол берилет.

Каражаттардын чыгымдалышы жана чыгаша статьяларынын максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик бюджеттик мекемелердин жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерине жүктөлөт.

6. 2019-жылы жеткиликтүү каржыланбай калган чыгашалар Бишкек шаарынын 2020-жылга бюджетинде каралган ассигнованиелердин эсебинен жана чектеринде компенсациялана тургандыгы белгиленсин.

7. Бишкек шаары боюнча 2020-жылдын 1 - январына карата жүгүртүүдөгү кассалык накталай акча 10 000,0 миң сом суммасында, анын ичинде шаардык бюджет боюнча 6 000,0 миң сом жана райондук бюджет боюнча 1 000,0 миң сом суммасында бекитилсин.

8. 2020 - жылга түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн төмөндөгүдөй ченеми бекитилсин:

1) салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы боюнча, чакан ишкерликтин субъекттери үчүн бирдиктүү салык, патенттин негизиндеги салык, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө салык, жер салыгы, калктуу конуштардын таштандыларын чыгаруу үчүн жыйым боюнча:

 Ленин администрациялык району – 68,1 %;

 Октябрь администрациялык району – 68,5 %;

 Биринчи май администрациялык району – 28,2%;

 Свердлов администрациялык району – 55,9 %.

2) сатуудан түшкөн салык боюнча 15,0 % жана 25,0 % роялти боюнча администрациялык райондорго.

3) Башка салыктар жана жыйымдар боюнча, калктуу конуштардагы жерлерди ижаралоо үчүн акы төлөө жана мүлк ижарасы үчүн, автотранспорт коюу жана токтотуу үчүн жыйым, мамлекеттин пайдасына чегерилген кирешелер боюнча, Бишкек шаарынын ЭЭАсынан салыктык жана салыктык эмес түшүүлөр - шаардык бюджетке 100 %.

4) Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексине ылайык салынуучу айып пулдар боюнча администрациялык райондордун тийиштүү бюджетине 100 % багытталсын.

9. Бюджеттик уюмдарга жана мекемелерге атайын каражаттарды казыначылык тутумунан тышкары пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулган учурда атайын каражаттардын 100 % тиешелүү бюджеттин кирешесине алынат.

10. Бюджеттик мекемелер жана муниципалдык ишканалар тарабынан максаттуу багыты эмес боюнча пайдаланылган Бишкек шаарынын бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алууга жатат.

11. Ушул токтом менен бекитилген бюджеттик параметрлерди өзгөртүү зарылчылыгы болсо, ага тиешелүү оңдоолорду кабыл алганга чейин Бишкек шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу боюнча аткарылышы мүмкүн.

12. 2020 - жылга Бишкек шаарынын бюджетинен каржылануучу мекемелер үчүн төмөндөгүлөр белгиленсин:

1)  жалпы билим берүү мектептеринин чарба башчыларына ай сайын айлык акыларына окуучулардын санына жараша 1 штаттык бирдик эсебинде 2800 сомго чейинки үстөк акы (100 окуучуга чейин – 450 сом, 100дөн 600гө чейин – 1 000 сом, 600дөн 1 200гө чейин – 1 600 сом, 1 200дөн 1 800гө чейин – 2 200 сом, 1 800дөн жогору – 2 800 сом);

2)  балдар музыкалык мектептердин жаш адистерине ай сайын 500 сом үстөк акы:

3)  карылар үйүнүн, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шаардык реабилитациялык борборунун, «Коломто» муниципалдык мекемесинин жана «Ардагер» шаардык геронтологиялык борборунун, Зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү борборунун кызматкерлеринин айлык акысына 1 кызматкерге ай сайын 1 650 сом эсебинде үстөк акы;

4) Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын социалдык кызматкерлеринин айлык акысына                1 кызматкерге ай сайын 4 000 сом эсебинде үстөк акы;

5) Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын үйлөмө аспап, симфониялык оркестрлеринин, элдик аспаптар оркестринин, «Семетей», «Доор», «Сувенир» ансамблдеринин, «Кыргыз руху» фольклордук ансамблинин жана «Акак» комузчулар ансамблинин кызматкерлеринин, Бишкек шаардык драмалык театрынын негизги жана инженердик - техникалык персоналынын айлык акысына 1 кызматкерге ай сайын 2 500 сом эсебинде үстөк акы;

6) билим берүү жана маданият уюмдарынын борборлоштурулган бухгалтерияларынын кызматкерлерине айлык акыга ай сайын 5 000 сомдон үстөк акы;

7) шаардык маанидеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине ай сайын айлык акыга төмөндөгүдөй үстөк акы:

мэриянын, шаардык кеңештин жетекчилерине - 1 000 сомдон;

материалдарды сактоо кызматынын кызматкерлерине – 2 000 сомдон;

шаардык бюджеттен каржылануучу түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине жана кызматкерлерине, Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек шаардык кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек башкармалыгынын кызматкерлерине жана башкаруу органдарын тейлеген айдоочуларга – 4 000 сомдон, бул органдардын кенже жана техникалык тейлөөчү персоналына – 6 000 сомдон;

муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлерине – 6 000 сомдон жана кенже жана техникалык тейлөөчү персоналдарга – 8 000 сомдон ашык;

жергиликтүү бюджеттин эсебинен күтүлүүчү Бишкек шаары жана Чүй областы боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын жергиликтүү жана салыктык эмес төлөмдөрдү контролдоо боюнча бөлүмүнүн начальнигинин орун басарына жана кызматкерлерине 3 000 сомдон.

8) райондук маанидеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин айлык акысына төмөндөгүдөй ай сайын үстөк акы:

администрациялык райондордун жетекчилерине – 1 000 сомдон;

райондук билим берүү борборлорунун, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын, финансы органдарынын жана муниципалдык администрациялардын аппаратынын, Мамлекеттик салык кызматынын (мындан ары- МСКБ) райондук башкармалыктарынын жергиликтүү салыктар жана жыйымдар боюнча бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен күтүлүүчү райондук башкармалыктарынын начальниктеринин орун басарларына 3 000 сомдон, бул органдардын кенже жана техникалык тейлөөчү персоналына – 5 000 сомдон;

9) райондук аскер комиссариаттарынын кенже тейлөөчү, техникалык жана аскердик - учеттук персоналдарынын айлык акыларына ай сайын 500 сомдон үстөк акы;

10) билим берүү, социалдык коргоо, маданият, спорт уюмдарынын башка кызматкерлеринин айлык акыларына 1 кызматкерге ай сайын 1 000 сом эсебинде үстөк акы;

11) саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин айлык акыларына төмөндөгүдөй ай сайын үстөк акы:

дарыгерлерге, орто жана башка персоналга бир ставкага 1 000 сом эсебинде, бирок 1 кызматкерге 1 000 сомдон ашык эмес суммада;

кенже медициналык персоналга бир ставкага 1 500 сом эсебинде, бирок 1 кызматкерге 1 500 сомдон ашык эмес суммада;

Бишкек шаарынын тез медицина борборунун сутка бою иштеген оперативдүү бөлүмүнүн кызматкерлерине, чакырууга чыгуу бригадасынын фельдшерлерине жана санитарларына 1 кызматкерге 2 500 сом эсебинде;

тез кечиктирилгис жардам көрсөтүү кызматынын дарыгерлерине жана педиатр-дарыгерлерине, дарыгер-неонатологдорго, дарыгер-реаниматологдорго, дарыгер-анестезиологдорго, дарыгер-комбустиологдорго 1 кызматкерге 4 000 сом эсебинде;

Бишкек шаарынын биринчи медициналык-санитардык жардам кызматынын үй-бүлөлүк дарыгерлерине калкты аралаш кабыл алуунун алдыңкыларына 2 000 сом эсебинде 1 кызматкерге;

12) Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын медициналык - педагогикалык комиссиясынын методисттеринин айлык акыларына 1 кызматкерге 1 500 сом эсебинде ай сайын үстөк акы;

13) тез медицина автомашиналарынын айдоочуларынын айлык акыларына 1 кызматкерге 2 000 сом эсебинде ай сайын үстөк акы.

14) өзгөчө маанилүү жана жооптуу жумуштарды аткаруу үчүн:

Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек шаардык кеңештин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек башкармалыгынын кызматкерлерине, бул органдардын кенже жана техникалык тейлөөчү персоналынага ай сайын берилүүчү кызматтык маянага эки айлык маяна өлчөмүндө үстөк акы;

- шаардык маанидеги түзүмдүк бөлүмдөрдүн, муниципалдык администрациялардын, райондук финансылык органдардын кызматкерлерине, бул органдардардын кенже жана техникалык тейлөөчү персоналына кызматтык маянага ай сайын үстөк акы өлчөмүндө.

13. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен күнүнө тамактандырууга төмөндөгү ченемдер белгиленсин:

1) мектепке чейинки билим берүү уюмдарында;

3 жашка чейинки курактагы балдар үчүн - 29 сом;

3 төн 7 жашка чейинки курактагы балдар үчүн - 30 сом;

2) акыл-эс жана дене-бой өсүшүндө кемчиликтери бар балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарында - 60 сом, балдар сутка бою болгон топтордо – 80 сом;

3) кургак учук менен ооруган балдар үчүн бала бакчада - 95 сом;

4) жалпы билим берүү уюмдарындагы жетим балдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 5 – 7 - класстагы балдары үчүн - 14 сом;

5) жалпы билим берүү уюмдарындагы 1 - 4-класстардын балдары үчүн - 14 сом;

6) жалпы билим берүү уюмдарындагы акыл-эс жана дене-бой өсүшүндө кемчиликтери бар балдар үчүн - 28 сом;

7) Балдарды социалдык адаптациялоо борборунда, Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунда, «Айданек» жашы жете элек балдарды реинтеграциялоо борборунда, Октябрь районунун № 71 орто мектеп интернатындагы интернаттык топтордо жана № 1 гимназия - интернатында - 110 сом;

8) ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн шаардык реабилитациялык борборунда - 60 сом;

9) жатып калган оорулуулардын ысык тамагына - 60 сом;

10) белгилүү жашаган орду жок адамдарды тамактандырууга - 35 сом;

11) мектеп алдындагы лагерлердеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын тамактандырууга - 44 сом.

14. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен күнүнө медикаменттерге төмөнкү ченемдер белгиленсин:

1) Балдарды социалдык адаптациялоо борборунда, Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунда, «Айданек» жашы жете элек балдарды реинтеграциялоо борборунда 12,80 сомго чейин;

2) шаардык реабилитациялык борборунда мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн 0,55 сомго чейин;

3) белгилүү жашаган орду жок адамдар үчүн 12,50 сомго чейин

15. 2020-жылга төмөнкү чыгашалар бекитилсин:

1) жалпы билим берүү уюмдарында аскерге чакырууга чейин даярдык боюнча жетекчинин бир ставкасы;

2) Бишкек шаарынын тез медицина борборунун «медициналык кызматкердин депозитине» 40,0 штаттык бирдикке бир дарыгерге айына 6000 сом эсебинде жана үч жыл иштеп бүткөндүгү боюнча бир орто медициналык кызматкерге ай сайын 5 000 сом;

3) Бишкек шаарынын жаңы конуштарында жана Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында, балдарга дарылоо алдын ала жардам көрсөтүүчү "Бишкек шаарынын дарыгер-педиатрынын депозитине” үч жыл иштеп бүткөндүгү боюнча бир дарыгерге айына 5 000 сом эсебинде;

4) Биринчи май районунун «Коломто» муниципалдык мекемесин кармоого;

5) Ленин, Октябрь администрациялык райондору боюнча 2 кечки жалпы билим берүү мектебин жана Свердлов администрациялык районунун № 35 жана № 94 жалпы билим берүүчү мектептеринин алдында кечки класстарды кармоого;

6) «Бишкек шаарынын SOS – Герман Гмайнер окуу-тарбиялоо комплекси» мекемесинин, Бишкек шаарынын балдар айылынын SOS – бала бакчасынын чыгымдарын төлөөгө;

7) «Сезим» кризистик борборунун, «Оберег» реабилитациялык борборунун, «Рука в руке» аутист балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмесинин, «ЧГЕШ-еврей мектеби» окуу-тарбиялоо борбору» мекемесинин чыгымдарын төлөөгө;

8) Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлер жана оорук эмгекчилеринин Бишкек шаардык жана райондук кеңештеринин чыгымдарын төлөөгө;

9) Зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү борборун күтүүгө;

10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 336 «Билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» токтому менен бекитилген типтүү штаттардан сырткары киргизилген кошумча штаттык бирдиктерди, 3 - тиркемеге ылайык 607,75 штаттык бирдик санында кызмат орундарын күтүүгө;

11) Бишкек шаарын жана жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүүгө, ошондой эле шаардык жана аймактык маанидеги объекттерди (социалдык, коомдук, коммуналдык, инженердик инфраструктуралар, тургундардын жалпы үлүштүк менчиктерин) түзүүгө, өнүктүрүүгө, калыбына келтирүүгө жана реабилитациялоого жана жергиликтүү коомчулуктун өз алдынча башкаруусунун ар түрдүү формаларын өнүктүрүүгө, алардын коомдук активдүүлүгүн жогорулатууга жана коммуналдык жана башка жашоо тиричилик маселелерин өз алдынча чечүүгө жөндөмдүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө колдоо көрсөтүүгө багытталган дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды берүүгө;

12) «Мурас-Ордо» конушунун балдарын Аламүдүн районунун Степное айылынын «Келечек» мектебине ташууну уюштурууга;

13) Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринде «Жаш мугалим депозити» программасын ишке ашырууга;

14) Октябрь администрациялык районунун №34 адистештирилген көмөкчү мектебиндеги акыл-эс жана дене-бой өсүшүндө кемчиликтери бар балдар үчүн узартылган күн топторуна тарбиячылардын 5,0 ставкасын күтүүгө;

15) карыздарын төлөөгө жана милдеттенмелерин аткарууга шаардык бюджеттен администрациялык райондоруна өткөрүп берилүүчү каражаттар боюнча;

16) балансында кезметтик (кызматтык) автомашиналары жок муниципалдык аймактык башкармалыктарга айына 100 литрден бензин сатып алууга;

17) райондордун муниципалдык аймактык башкармалыктарынын балансында турган жүк ташуучу автомашиналардын айдоочуларын күтүүгө;

18) райондук МСКБнын начальниктеринин орун басарларын, райондук МСКБнын жергиликтүү салыктар жана жыйымдар боюнча бөлүмдөрүнүн 60,0 штаттык бирдигин, Бишкек шаары жана Чүй областы боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча МСКБнын начальнигинин орун басарын жана Бишкек шаары жана Чүй областы боюнча ИСТК МСКБнын жергиликтүү жана салыктык эмес төлөмдөрдү контролдоо боюнча бөлүмүнүн 5,0 штаттык бирдигин күтүүгө;

19) зыяндуу жумуш шарты менен иш үчүн айлык акысына карата 25% өлчөмүндө үстөк акы төлөөгө;

20) Бишкек шаарынын муниципалдык кызматчыларына квартал сайын сыйлык акы төлөөгө;

21) Бишкек шаарында калкты жана турак жай фондун каттоону жүргүзүүгө;

22) Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилүүчү жобого ылайык калктын жашоо-турмушун камсыздоо маселелерин чечүүгө багытталган жарандык демилгелерди ишке ашырууга 150 000,0 миң сом суммада.

16. Кварталдык, үй комитеттеринин, аксакалдар сотторунун төрагаларына келишимдик негизде 4-тиркемеге ылайык ай сайын акы төлөө белгиленсин.

17. Аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнө келишимдик негизде квартал сайын 250 сомдон акы төлөө белгиленсин.

18. «Алга-Бишкек футбол клубу» муниципалдык мекемесинин футболчуларына контракттык негизде ай сайын стипендия белгиленсин.

19. 5-тиркемеге ылайык, «Алга-Бишкек футбол клубу» муниципалдык мекемесинин кызматкерлерине кызматтык маяна белгиленсин.

20. 6-тиркемеге ылайык, “Алтын-Булак пансионаты” муниципалдык мекемесинин кызматкерлерине кызматтык маяна белгиленсин.

21. Жалпы билим берүүчү уюмдардагы аскерге чакырууга чейинки даярдоонун жетекчилерине айына 7 800 сом өлчөмүндө кызматтык маяналар белгиленсин.

22. 7-тиркемеге ылайык 2020-2022-жылдарга Бишкек шаарынын программалык бюджети жактырылсын.

23. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, аппараттардын, өз алдынча бөлүмдөрдүн жана башка мекемелердин кызматкерлерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен сыйлык акы берүү жана кызматтык эмгек акыларын жана аларга үстөк акыларды белгилөө укугу Бишкек шаарынын мэринде сакталсын.

24. Бишкек шаарынын мэриясы:

1)    2020-жылда “Бишкекжылуулукэнерго” КИси жана Бишкек ЭЭЗнын ведомстволук отканасы боюнча калкка жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо муктаждыктарына берилүүчү жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында келип чыккан республикалык бюджеттен максаттуу трансферт түрүндөгү чыгымдарды компенсациялоо маселесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен иштеп чыксын. Иштин жыйынтыгы боюнча 2020-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө тийиштүү сунуш киргизсин;

2)    Биринчи вице-мэр жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын начальниги 2020-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги менен 2020-жылга Бишкек шаарынын бюджетинде каралган өлчөмдө жана максаттарга республикалык бюджеттен трансферттерди өз убагында берүү жөнүндө маселени иштеп чыксын;

3)    2020-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө социалдык фонду жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик менен Бишкек шаарынын аймагындагы кесиптик спорт мекемелерди жана уюмдарды каржылоо жаатындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын чектөө жөнүндө маселе боюнча тийиштүү ишти жүргүзсүн жана тийиштүү сунуш киргизсин;

4)    2020-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө Бишкек шаарынын массалык спортту жана дене тарбияны өнүктүрүү концепциясын иштеп чыксын жана киргизсин жана тийиштүү сунуш киргизсин;

5)    Бишкек шаарынын спорт мектептери боюнча бирин-бири кайталаган бөлүмдөрдү алып салсын жана комиссиянын сын-пикирлерине ылайык келтирсин жана 2020-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө Бишкек шаарынын ОББжУСАМнын түзүмүнө, штаттык санына жана сметалык чыгашаларына тийиштүү корректировка киргизсин;

6)    2020-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык коргоо министрлиги менен Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү башкармалыктары тарабынан Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөө функцияларын жүзөгө ашыруудан келип чыккан чыгымдарды компенсациялоо маселелери боюнча иш жүргүзсүн жана тийиштүү сунуш киргизсин;

7)    2020-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлиги менен республикалык маанидеги № 1 жана № 71 интернат тибиндеги 2 мектепти республикалык бюджеттен каржылоого өткөрүп берүү жөнүндө маселе боюнча иш жүргүзсүн жана тийиштүү сунуш киргизсин;

8)    2020-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө Бишкек шаары жана Чүй областы боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча жергиликтүү жана салыктык эмес төлөмдөрдү контролдоо бөлүмүнүн, жергиликтүү салыктар боюнча райондук бөлүмдөрдүн кызматкерлерин, жергиликтүү бюджеттин эсебинен күтүү жүзөгө ашырыла турган Кыргыз Республикалык финансы министрлигинин аймактык башкармалыктарынын кызматкерлерин каржылоо азыркы мыйзамга ылайык келтирилсин жана тийиштүү сунуштарды киргизсин;

9)    райондук администрациялардын жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын ишине, алардын укуктук жана экономикалык негизине ар тараптуу анализ жүргүзсүн жана 2020-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө алардын ишин оптимизациялоо боюнча сунуш киргизсин;

10)  Бишкек шаарынын мэриясынын аппартынын профилдик бөлүмүнө Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын функцияларын өткөрүп берүү тууралуу маселени карасын, 2020-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө иштин жыйынтыгы боюнча тийиштүү сунуш киргизсин;

11)  жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды башкаруу маселелери менен алектенген өзүнүн муниципалдык түзүмүн түзүү жөнүндө маселени иштеп чыксын, 2020-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө иштин жыйынтыгы боюнча тийиштүү сунуш киргизсин;

12)  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен “Бишкексвет” муниципалдык ишканасы жана Бишкек троллейбус башкармалыгы үчүн электр энергиясына жеңилдетилген тарифти белгилөө жөнүндө маселени иштеп чыксын, 2020-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө иштин жыйынтыгы боюнча маалымат берсин;

13)  Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери үчүн эмгек акы төлөө тутумун тартипке келтирсин жана 2020-жылдын 1-июнуна чейин сунуш киргизсин;

14)  кирешенин эсебинен Бишкек шаарынын бюджетин толтурууга багытталган Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканаларынын чарбалык эсептеги ишине анализ жана мындан ары өнүктүрүү жана жогорулатуу боюнча сунушту Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизсин;

15)  2020-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө тийиштүү контролоду жана кайра байланышты камсыздоо менен жарандардын арыздарын кабыл алуунун жана иштеп чыгуунун заманбап ыкмаларын пайдаланууга багытталган Бишкек шаарынын колл-борборун мындан ары өнүктүрүү концепциясын иштеп чыксын жана киргизсин;

16)  2020-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө муниципалдык жерлерди жана мүлктү инвентаризациялоо боюнча ишти аяктасын жана маалыматты киргизсин;

17)  “Бишкекжылуулукэнерго” КИси боюнча жылуулук энергияны иштеп чыгуу жана коё берүү боюнча эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун иштеп чыксын жана жайылтсын;

18)  Бишкек шаары боюнча коомдук трнаспортту мындан ары өнүктүрүү боюнча саясатты иштеп чыксын жана 2020-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө Бишкек шаардык кеңештин кароосуна киргизсин;

19)  Бишкек шаары боюнча сейилбактарды жана гүлбакчаларды мындан ары өнүктүрүү боюнча саясатты иштеп чыксын жана 2020-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө Бишкек шаардык кеңештин кароосуна киргизсин;

20)  Бишкек шаарынын муниципалитети тарабынан көрсөтүүлүүчү кызматтар боюнча билинг тутумун жайылтуу тууралуу маселени карасын;

21)  сейил бактардын жана гүлбакчалардын жер участокторун пайдалануу жаатында Бишкек шаарынын мэриясынын жер ресурстар башкармалыгынын ыйгарым укуктарын децентралдаштыруу боюнча маселени карасын жана бул маселе боюнча сунуш киргизсин;

22)  салыктык түшүүлөр боюнча киреше бөлүктүн аткарылышы боюнча жеке жоопкерчиликти Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине жана Бишкек шаарынын административдик райондорунун башчысынын биринчи орун басарларына жүктөсүн;

23)  жергиликтүү бюджеттин салыктык эмес кирешелер боюнча белгиленген пландарын аткаруу жеке жоопкерчиликти Бишкек шаарынын тейлеген вице-мэрлерине, башкармалыктардын жана муниципалдык ишканалардын начальниктерине жүктөсүн;

24)  Кыргыз Республикасынын азыркы мыйзамынын талаптарына ылайык, Бишкек шаарынын аймагында турган мамлекеттик органдар тарабынан таштанды ташып чыгаруу үчүн жыйым төлөө жөнүндө маселени иштеп чыксын;

25)  Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгын, Бишкек шаарынын мэриясынын шаар куруу жана архитектура департаментин, Бишкек шаарынын мэриясынын экономика жана инвестициялар департаментин, “Бишкекжарнак” муниципалдык ишканасын мындан ары күтүүнүн максаттуулугу жөнүндө маселени карасын жана 2020-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө тийиштүү сунуш киргизсин;

26)  Капиталдык салымга жана капиталдык ремонтко каралган өздөштүрүлбөй калган каражаттар үчүн жеке жоопкерчиликти тейлеген вице-мэрге жана түзүмдүк бөлүмдүн жетекчилерине жүктөсүн;

27)  Бишкек шаарынын мэриясынын мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын штатын оптимизациялоо жөнүндө маселени карасын жана 2020-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө сунуш киргизсин;

28)  2020-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө Бишкек шаарынын бардык чарба жүргүзүүчү субъекттери боюнча суу менен жабдууга эсептегичтерди орнотуу жөнүндө маселени иштеп чыксын;

29)  “Алтын - Булак пансионаты” муниципалдык мекемеси боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу боюнча талдап чыксын жана сунуш киргизсин;

30)  Бишкек шаарынын жол чырак объекттери боюнча муниципалдык курулуш-монтаждоо эксплуатациялык башкармалык түзүү боюнча талдап чыксын жана сунуш киргизсин;

31)  30 000,0 миң сом суммада “Ак-Өргө” конушунда сейилбак долбоорлоого жана курууга каражат тапсын;

32)  Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодекси тарабынан белгиленген тартипте 2021-2023-жылдарга Бишкек шаарынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорун макулдашууга киргизсин;

33)  бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү тартуу үчүн 2020-жылдын 1-июнуна чейин Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында кийинки бекитилүүсү менен муниципалдык заказ жөнүндө жобону иштеп чыксын;

34)  2020-жылдын 1-апрелине чейин Бишкек шаарында жол иштери боюнча бирдиктүү заказчыны аныктасын;

35)  Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын кызматкерлеринин деңгээлинде Бишкек шаарынын мэриясынын ички аудит башкармалыгынын кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өзгөртүү жөнүндө маселени иштеп чыксын;

36) чоң көлөмдүү муниципалдык жүргүнчүлөр автоунаасын сатып  алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябрындагы № 618 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруунун, жайгаштыруунун,  жүгүртүүнүн жана тындыруунун тартиби жөнүндө” жобого ылайык муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу зарылчылыгына жараша  жүргүзүүгө уруксат берилсин.

25. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

26. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Ж. Б. Абировго жана Бишкек шаарынын мэри А. Э. Суракматовго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                              Ж. Б. Абиров

Тиркемелер:

2020-2022-жылдарга Бишкек шаары боюнча бюджеттик программалардын жана чаралардын түзүмү (xlxs. 281 Кб)