Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамынын 15-беренесин жетекчиликке алып, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, борбордун санариптик трансформациялоо боюнча процесстерин тездетүү үчүн шарттарды түзүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаарынын мэриясынын “Санариптик технологиялар борбору” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берилсин.
  2. Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 23-ноябрындагы №81 “Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүн бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесиндеги “Чарба жүргүзүүчү субъекттер” графа төмөнкү мазмундагы 18-пункт менен толукталсын:

“18. “Санариптик технологиялар борбору” МИси”.

  1. Бишкек шаарынын мэриясы  белгиленген тартипте:

Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган тийиштүү иш-чаралар комплексин жүргүзсүн;

билинг системасынын иштөө жебирдиктүү маалыматтык портал аркылуу жарандарга муниципалдык кызматтарды берүү механизмиништеп чыксын.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссияга (Досалиев Э. А.) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри А. К. Бакетаевге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы            Ж. Б. Абиров