Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы №115 “Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун

дем берүүчү (үлүштүк) гранттарынын эсебинен Бишкек шаарынын өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорду каржылоо тартиби жөнүндө” жана “Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун гранттык комиссиясы жөнүндө” жоболорду бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

     1. Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы №115 “Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун дем берүүчү (үлүштүк) гранттарынын эсебинен Бишкек шаарынын өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорду каржылоо тартиби жөнүндө” жана “Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун гранттык комиссиясы жөнүндө" жоболорду бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

а) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун дем берүүчү (үлүштүк) гранттарынын эсебинен Бишкек шаарынын өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорду каржылоо тартиби жөнүндө жобосундагы:

преамбуладагы  “Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө” мыйзамдарына” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

5-пункттагы “Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынын” деген сөздөр “администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

б) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун гранттык комиссиясы жөнүндө жобосунун 1-пунктундагы “Бишкек шаардык каржы башкармалыгынын” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек башкармалыгынын” сөздөрү менен алмаштырылсын.

 

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Ж. Ж. Алымов), жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар  менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына (А. Б. Бактыбеков) жана Бишкек шарынын мэри А. С. Ибраимовго жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                  К. Б. Музуралиев